«Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Спикер Канат Исаев күн тартибинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасы, жаңы депутаттардын ант берүүсү жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындоо карала турганын айткан.
Көп өтпөй айрым депутаттар күн тартибине башка маселелерди киргизүүнү сунуштады. Алгач «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардан шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун карап чыгууну суранды. Сулайманов шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүп, №2 форманы жокко чыгарып жана шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү сунуштады.
«Келиңиздер, оңдоп жасап берели — шайлоого эркин атандашуу, жаңы, жаш партияларга, жаңы күчтөргө мүмкүнчүлүк берип коёлу. Буга эмнеге ичибиз тарып жатат? Качанга чейин монополия кылып, качанга чейин “гайканы” бурап… Ушинтип үч революция болду, эми төртүнчүсүн жасаганы турасыңарбы?» — деди Сулайманов.
Анын сунушун депутаттар «Ата Мекен» фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев колдоп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.
Көп өтпөй «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Умбеталы Кыдыралиев парламенттик шайлоону өткөрүүнүн алдында мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү сунуштады.
«Биз референдум өткөрүшүбүз керек, себеби биздин мамлекетибиздин түзүлүшүндө башаламан болуп жатат. Ошондуктан 29 жылдан бери 31-32чи премьер-министр иштеп жатат. Президент эч нерсеге жооп бербейт, бирок иш жүзүндө ал өлкөнү башкарат. Мунун баарын билебиз, ошол үчүн биз референдум өткөрүп, кандай башкаруу формада жашоону [аныкташыбыз керек]», — деди Кыдыралиев.
Бул сунуш жыйындагы депутаттарды экиге бөлдү. Алгач Каныбек Иманалиев Кыдыралиевге жооп кайтарып, референдум өткөрүүгө эч кандай укуктук негиз жок экенин билдирди. Ошондой эле Иманалиев 5-октябрда борбордук аянтка митингге чыккандар «референдум кылгыла деген жок» деп белгиледи.
«Кыргызстандын тарыхында сегиз жолу референдум болду. 2010-жылды эске албаганда, жети жолкусу президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткенге болду. Бир дагы карапайым адамдын укугу, бизнестин укугу каралган эмес», — деди Иманалиев.
Ал эми Кыдыралиевдин сунушун КСДП фракциясынан депутат Махабат Мавлянова колдоду — ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкан. Мавлянова бир мандаттуу шайлоо системасын киргизүүнү сунуштады.
«Биз конституциялык реформага барышыбыз керек. Мындай мүмкүнчүлүк эч качан болбойт. Референдумду тогуз-он жолу өткөрдүкпү, керек болсо жүз жолу алмашалы. Качан гана бизге ылайыктуу, биздин өнүгүүбүзгө көмөк берген конституция келмейинче алмаша бериши керек. Баары билет, бизде эки баштуу башкаруу: президенттик жана парламенттик. [Босогону] үч же беш пайызга түшүргөндөн көрө бир мандаттуу шайлоого өткөнүбүз жакшы», — деди Мавлянова.
Мавлянованын эгерде парламентке 7-8 партия өтүп, коалиция түзсө алардын идеологиясы кандай болот деп суроо салды. Депутат АКШдагы парламентте эки эле партия — республикалык жана демократиялык — болгонун үлгү катары көрсөттү.
*Буга чейин премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бир мандаттуу шайлоо өткөрүүнү жана конституциялык реформаларды жүргүзүүнү сунуштаган. Көп өтпөй ал биринчи парламенттик шайлоо өткөрүп, конституцияга өзгөртүү киргизүү керектигин айткан.
Референдум өткөрүү боюнча Кыдыралиевдин сунушун Саматбек Ибраев, Курманкул Зулушев жана Талант Мамытов да колдоду. Мамытов менен Зулушев депутаттардын санын кыскартуу керектигин айтты. Мындай учурда да Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек болот.
«Саясий кызыкчылыгы бар адамдар “босогону үч пайызга түшүрөлү, №2 форманы жок кылалы” деген...бул сиздердин оюңар. Кечээ аянтка чыккан кыргыз эли эмне деп жатат? “Депутаттар, саныңды азайт” деп жатат, алар босогого тийишкен жок. Демек биз референдум боюнча мыйзам болсо тактап, бүт саясий күчтөр менен талкуулайлы», — деди Зулушев.
Депутат Курманкул Зулушев үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган. Ал башкаруу формасын президенттик же парламенттик деп аныктоо керектигин айткан.
Зулушев 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышкан. Аталган партиянын лидери Камчыбек Ташиев премьер Жапаровдун жакын досу болуп эсептелет. Жапаров 16-октябрда Ташиевди УКМКнын төрагасы кылып дайындаган.
Мындан сырткары конституцияны өзгөртүп, референдум өткөрүү керектигин айткан Талант Мамытов да Садыр Жапаров менен жакын мамиледе. Мамытов, Ташиев жана Жапаров менен биргеликте «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. Мындан сырткары үч саясатчыга 2012-жылы «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Жогорку сот аларды 16-октябрда актады.
Депутаттардын санын кыскартуу пикирин буга чейин Садыр Жапаров да билдирген болчу.
Ал эми депутаттар Айсулуу Мамашова, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Жанар Акаев жана Абдывахаб Нурбаев референдум өткөрүүгө каршы экенин билдиришти. Эл өкүлдөрү Алтынбек Сулаймановдун сунушун колдоп, шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү керектигин белгилешти.
Кийинчерээк Өмүрбек Текебаев эгерде Конституция өзгөрүлө турган болсо, өлкө президенттик башкарууга өтүп калаарын билдирди.
«Эми максатты ачык айтыш керек. Эки көз караш турат, шайлоону өз убагында өткөрүп, жаңы келген депутаттар элге берген убадасын аткарып ким утуп келсе Конституциялык реформаны баштай берсин деген бир тарап турат. Экинчиси шайлоону өткөрбөйлү, ар кандай шылтоо менен үзгүлтүккө учураталы, Конституцияны уруп ойнобойбуз, элдин талабы деген талапка жамынып алып, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап турат», — деди ал.
Анын айтымында, эгер президенттик башкарууну жактагандардын сунушу өтө турган болсо «Кыргызстан кудум эле Түркмөнстандын кейпин кийип кала турганын» белгиледи. Ошондой эле, башкаларга азыр «мактанып айтып жаткан» көз карандысыз парламент жоголорун кошумчалады.