Атыр Абдрахматова БШКнын мүчөлүгүнөн кетти

Атыр Абдрахматова Боршайкомдун мүчөлүгүнөн кеткени тууралуу 16-октябрь күнү фейсбук баракчасында билдирип, арыздын сүрөтүн жарыялаган.

Ал арызында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо БШК тарабынан баштан аяк мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеген.

«Айрым саясий партиялар үчүн шайлоочулардын өз дарегин алмаштыруу (№2 формасы) шылтоосу менен артыкча добуштарды алууга шарт түзүлгөн. Андан сырткары, саясий партиялардын талапкерлерин каттоодо, үгүт иштерин жүргүзүүдө саясий партиялардын тең укуктуулугу сакталган эмес», — деп жазган ал арызында.

Мындан тышкары, Абдрахматова Боршайком добуштарды сатып алуу, админресурсту колдонуу фактыларына чара көрбөгөнүн, шайлоо участкаларынын чек араларын белгилебегенин жана ар кандай шылтоолор менен укук коргоо органдарынын аракетсиздигин жаап-жашырганын белгиледи.

Абдрахматова 5-октябрда болгон окуяларга толугу менен БШКнын мүчөлөрү жооптуу экенин, анткени БШКнын жогоруда айтылган кыймыл-аракеттери ушул окуяларга алып келгенин билдирди.

«5-октябрда башталган элдик толкундоолордун бирден бир талабы — өткөн шайлоого тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин, кызматкерлерин люстрация кылуу, жаңылануу болгон.

Ошондуктан, мен кыргыз элимдин алдында өзүмдүн жарандык да, моралдык да жоопкерчилигимди сезип, “Шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарымды токтотом», — деп жазды ал.

Шайлоого чейин Атыр Абдрахматова кыргызстандыктар №2 формасы аркылуу жапырт катталып жатканын аныктап, бул маселени кесиптештеринин алдында көтөрүп чыккан. Ошондой эле ал шайлоо участкаларынын чек аралары тууралуу маселени карап чыгыш керектигин айткан.

Мындан тышкары, Абдрахматова кесиптештерин, өзгөчө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы аракетсиздик үчүн сынга алган.

5-октябрда Бишкекте бир күн мурда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги башталган. Тынчтык акциясы күч түзүмдөрү менен кагылышууга чейин жетип, натыйжада бир адам каза тапкан. Митингге чыккандар Ак үйдү басып алышкан.

Өлкөдөгү саясий кризистен улам өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип, анын милдетин Садыр Жапаров аткарууда.