Атамбаевди ТИЗО-1дин жертөлөсүнө которушту, ал ачкачылык жарыялады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдиргендей, Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан Бишкектин ТИЗО-1ине которулуп, ал жактагы кармоо шарттарына байланыштуу ачкачылык жарыялады.

Жоошевдин айтымында, Атамбаевди мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөгө отургузушту.

«Бул камерада бүгүн эле жылуулук берилди. Ал жакта канализация иштебейт, эшиктери дайыма ачык. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады», — деди Жоошев.

Мурдагы президенттин башка адвокаты Сергей Слесарёв билдиргендей, ага медициналык жардам көрсөтүлүшү үчүн жактоочулар аны №47 колонияга которууну өтүнүшкөн, «бирок аны эмнегедир ТИЗО-1ге которушту».

Атамбаевдин кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Атамбаев менен анын эки жансакчысын 10-октябрда кармашкан. Ошол эле убакта парламенттин учурдагы депутаттары «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка бекитишкен.

«Бишкек шаарыда массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында Атамбаев, Сагымбаев жана Мусакеев кармалды», — деп маалымдашкан ошондо комитеттен.

Бирок, мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 12-октябрда Атамбаевди мыйзамсыз кармашканын айтып чыккан — Биринчи май райсотунун токтому боюнча Кой-Таш окуясы тууралуу иштин бардык фигуранттары үй камагына коё берилгенин билдирген.

Атамбаев менен анын жансакчыларынан тышкары «Бүтүн Кыргызстандын» талапкери жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов да кармалган. Өткөн жылы мурдагы президенттин резиденциясын штурмга алуу учурунда Асанов аны колго түшүп берүүгө көндүргөн болчу.

Атамбаевдин тарапташы Фарид Ниязов да кармалган. Ниязов, Курсан Асанов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана «Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбековго 9-октябрда массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталган. Алардын баары 10-октябрда кармалышкан. Кийин Султанбеков үй камагына чыгарылып, калгандары УКМКнын ТИЗО-1де жана ТИЗОдо кармалууда.

Бул кармоолордон кийин Башкы прокуратура Атамбаев менен анын үзөңгүлөштөрү 5-октябрда камактан мыйзамсын чыгышканын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин коркутушканын билдирген.

Башкы прокуратура 5-октябрда өз билемдик менен эркиндикке чыгып кеткендердин калгандарынан кайра кайтууну өтүнүп, болбосо «катуу чаралар» көрүлөрүн айткан.

Атамбаев эркиндикте 5 күн болгон — анын тарапташтары Бишкектеги митингдердин жана массалык башаламандыктардын шартында мурдагы президентти 6-октябрга караган түнү тергөө абагынан бошотушкан.

Бул убакыт аралыгында ал оппозициялык митингге катышууга жетишкен. Аталган митингге экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары кол салып, эки митингдин кагылышуусу учурунда белгисиз адам Атамбаевдин автоунаасына төрт ирет ок аткан.

Мурдагы президент 2019-жылдын августунан бери камакта отурган. Ошондо Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сурактарга келбей койгондуктан, күч түзүмдөрү анын резиденциясын штурмга алып, аны кармашкан. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, ондогон адам жабыркаган.

Батукаевдин иши боюнча Атамбаевге карата мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Кой-Таштагы окуя боюнча иш эмдигиче тергелүүдө. Бул иш боюнча мурдагы президент бийликти басып алууга айыпталууда.