БШК: Президенттик шайлоого жарым млрд сомдон ашык каражат сарпталат

Боршайком 26-октябрда 2021-жылдын 10-январына белгиленген кезексиз президенттик шайлоого кете турчу чыгымдарды эсептеп чыкканын кабарлады. Аны өткөрүүгө 549,1 млн сом талап кылынат.

Кыргызстан чыгымдын бир бөлүгүн өз күчү менен, өткөн парламенттик шайлоодо БШК тарабынан үнөмдөлгөн каражат аркылуу жаба алат. БШК буга кошумча 347 миллион сомду 2020-2021-жылга каралган бюджеттен сурап алгысы келет.

«Анын ичине окутууга жана жеке коргонуу каражаттарына кетчү чыгымдар кирет, бирок биз эл аралык өнөктөштөр менен тышкы жардамдын эсебинен каржылоого болушу мүмкүн маселелерди иштеп чыгууга аракет жасайбыз», — деди БШКнын төрайыма Нуржан Шайлдабекова.

Бирок сырттан каржылык жардам келген күндө деле кезексиз президенттик шайлоо бюджетке чоң күч келтирет. Каржы министрлиги 2020-жылга карата бюджеттин таңкыстыгы рекорддук 34 млрд сомго жетээрин күтүүдө. Анын себеби — пандемия жана социалдык-саясий абал.

Саясий кризис

Кезексиз президенттик шайлоо өлкө 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин кептелген саясий кризистин жыйынтыгы болду. БШК шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин эле эртеси күнү 5-октябрда жарандар Ала-Тоо аянтына чыгып, нааразылыктарын билдиришкен. Ошол эле күнү кечинде митингчилер менен укук коргоо орган кызматкерлеринин ортосунда кагылыш чыгып, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы бир катар адамдарды, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана экс-депутат Садыр Жапаровду бошотушкан.

Жапаровдун тарапташтары ага премьер-министрдин же президенттин ордун берүүнү талап кылышып, Бишкекте бир жумадан ашык убак митинг өткөрүшкөн. Натыйжада Жапаров өкмөт башчысы болуп бекитилип, ал эми президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Мыйзам боюнча жаңы президент шайлангыча өлкө башчысынын ыйгарымдары спикер Канат Исаевге өтмөк, бирок митингчилер коркутуулар менен спикерден президенттин ыйгарымдарын Жапаровго өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров башка талапкерлер менен катар шайлоого катышууга даяр экенин билдирди. Учурдагы Конституцияга ылайык, ал шайлоого президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырган соң гана катыша алат. Жапаров кызматынан 14-ноябрга чейин кетиши керек — бул президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүүнүн акыркы күнү.