«Декабрдын башында кызматымды тапшырам». Жапаров президенттик шайлоого катышат

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров президенттике аттанат. Бул тууралуу ал 25-октябрда Кочкор районунун эли менен жолугушууда билдирди.

Жапаров декабрь айынын башында кызматын тапшырып, президенттик шайлоого «катардагы адам катары» катышаарын айтты.

«Шайлоодон өтсөм сиз айткандай ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», — деди ал.

БШК президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган. Жапаровдун айтымында, өлкө башчысы тандалып алынгандан кийин конституциялык реформа жүргүзүлөт. Анда өлкөнүн башкаруу формасы менен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси каралат. Мындан кийин гана парламенттик шайлоо өтөт.

Буга чейин бир катар депутаттар шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип мыйзамды чукул арада кабыл алышкан. Жапаров кол койгон мыйзам боюнча парламенттик шайлоо 1-июнга чейин дайындалышы керек. Бирок өкмөт башчы жаңы депутаттар мартка чейин тандалат деп ишендирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрда өтөт деп токтом чыгарган, анткен менен Биринчи май райондук соту бул чечимди жокко чыгарды. Ошондуктан Боршайком Жогорку сотко кайрылуу маселесин карайт.

Ал арада БШКнын имараты тинтүүгө алынып, анын мүчөлөрү суракка чакырылууда.

Юристтердин жана бир катар саясатчылардын пикиринде, парламенттик шайлоону жылдыруу жана конституциялык реформаны өткөрүү мыйзамсыз. Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 29-октярбда аяктайт. Депутаттардын мындан аркы чечимдери легитимсиз деп эсептелет.

Акыркы парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок анда агитация учурунда жана шайлоо күнү көптөгөн мыйзам бузуулар орун алган. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына каршы болгондор Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулушкан, бул президенттин жана өкмөттүн отставкасына алып келди.