Майлуу-Сууда 8 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши эки айга камалды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында биринчи класста окуган кызды зордуктоого шектелип 29 жаштагы тургун кармалды. Ал Ош шаарындагы №25 тергөө изоляторунда кармалууда.

Окуя 7-сентябрь күнү болгон. Ошол күнү Тез жардамдын кызматкерлери Майлуу-Суу шаардык ооруканасына сегиз жаштагы кызды «жыныстык мүчөсүнөн кан аккан абалда» алып келишкен. Тез жардам бөлүмүнүн фельдшери дароо эле милицияга кабар берген.

Анын эртеси күнү милиция «Зордуктоо» беренеси боюнча сотко чейинки өнүрүштү баштап, Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Майлуу-Суу шаардык соту шектүүнү 11-сентябрда тергөө изоляторуна эки айга камаган.

Шектүүнун жактоочулары 6-октябрда Жалал-Абад облусттук сотуна кайрылып, анын корголуучусун үй камагына чыгарууну өтүндү. Жактоочулар муну «соттолуучу 2-топтогу майып экенин айтып, анда гепатит, өнөкөт болгон простатит жана импотенция» оорусу бар деп негиздешти. Мындан сырткары, алар жабырлануучу кыздын апасы шектүү менен «жаман» мамиледе болгондуктан, атайылап арыз жазган жана ага каршы көрсөтмө берген деп эсептейт.

Ал эми Майлуу-Суу шаарынын прокурору бул негиздер менен макул болбоду. Прокурор «жаш кызды зордуктоо» өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелгенин белгилеп, шектүүнү тергөө изоляторунда калтырууну суранды. Жазык кодекси боюнча аталган кылмышка күнөлүү деп табылгандар 12,5 жылдан 15 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Натыйжада Жалал-Абад облусттук соту шектүүнүн жактоочуларынын өтүнүчүн канаатандырбай, аны тергөө изоляторунда калтырды.