Садыр Жапаров айылдашын Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер министр Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди кызматынан бошотуп, анын ордуна Рыскелди Мусаевди дайындады.

Мусаев деген ким?

Мусаев — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулуп-өскөн. Жапаров да дал ушул айылдан болот.

Генерал-майор Мусаев 1982-жылы Донецк инженердик байланыш аскерлеринин жогорку аскердик-саясий окуу жайын бүтүргөн. 1982–83-жылы Орусиянын Гусиноозерск шаарында Забайкальск аскер округунда рота командиринин орун басары, 1983–93-жылы Германияда жана Орусиянын аскердик бөлүктөрүндө жооптуу кызматта иштеген, 1993–2002-жылы Коргоо министрлигинде башчы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде чек ара аскерлерин жетектөөчү кызматкер, 2011-жылдан 2012-жылга чейин Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлер башчысынын 1-орун басары болгон. 2012-2016-жылдар Аскер институтун жетектеген.

Дүйшөбаевдин отставкасы

Дүйшөбаевди кызматка экс-президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда — отставкага кетээр алдында дайындаган.

Бирок Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Мунун себебин жаңы бийлик эскилердин жолуна түшүп алды деп байланыштырды. Анын айтымында, ал командасы менен эң көйгөйлүү суроолорду аныктоого аракет кылып документтерди Жапаровго берген. Алардын негизгилери коррупция менен күрөшүү жана акчаларды кайтаруу, Матраимовдор менен күрөшүү, өкмөт аппаратын кыскарттуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу болгон.

«Биз аналитикалык жазууларды даярдап президенттин милдетин аткаруучунун атына жибергенбиз. Алар коронавирус инфекциясына каршы күрөш, криминалдын таасири, чек араны коопсуздугун бекемдөө чаралары, финпол жана ЖАМКтын иши жана Коопсуздук кеңешинин ишин жакшыртуу боюнча болчу», — деди Дүйшөбаев.

Бирок Жапаровдон сунуштар боюнча жооп болгон эмес. Анын ордуна жаңы өкмөт саясий жана социалдык экономикалык маселелерди кароонун ордуна кызмат орундарын жана стратегиялык объектилерди бөлүштүрүү менен алек болгонун айтат.

«Биз коопсуздук кеңешин өткөрүүнү сунуштадык. Чараларды жана иш-аракеттерди күттүк, бирок баары текке кетти. Каттар карала элек жана алар боюнча кыймыл аракеттер жок. Бийликтин бардык вертикалдарында түшүнүксүз кыймылдар жана жоопкерчиликсиздик байкалат. Эл бардык кыйынчылыктар менен кимге кайрыларын билбейт», — деп белгиледи Дүйшөбаев.

Ошондой эле ал Жапаровдун экс-бажычы Райымбек Матраимовду бошотконун сынга алып, анын жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалышын «театралдашкан шоу» деп атады.