Темирлан Султанбеков Жапаровдун өкмөтүндө иштөөдөн эмне себептен баш тартканын айтып берди

«Социал-демократтар» партиясынын талапкери Темирлан Султанбеков фейсбук барагында Садыр Жапаров баштаган өкмөттө иштөөдөн баш тартканын жазды. Анын айтымында, буга министрлер кабинетинин легитимдүүлүгүнөн күмөн санаганы себеп болгон.

Султанбеков учурдагы өкмөттүн Кыргызстанда чоң реформа ишке ашырууга багытталган так стратегиясы, пландары жана эрки жоктугун кошумчалады.

Ал Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеп берүү боюнча сунушу дагы деле күчүндө экенин, бирок бир шарты бар экенин белгиледи. Ага ылайык, Султанбековдун бардык кеп-кеңеши Жапаровго канцелярия аркылуу кат жүзүндө берилип, ал эми жооптору ЖМКда жана социалдык тармактарда жарыяланып турушу керек.

«Албетте, аларды бул чочутат, аны каалашкан жок. Бирок Садыр Жапаровдо маалыматтык ачкачылык болбошу керек, анда ар башка маалымат жана альтернативдүү көз караш болушу керек. Жапаров бардыгына чөйрөсүн күнөөлөп калбагыдай болгону маанилүү», — деп жазат Султанбеков.

Анын оюнча, Жапаровдун өлкөдөгү оппозиция менен жакшы мамиледе болуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок ал саясатчы айрым адамдардын таасири жана кысымы алдында болушу мүмкүндүгүн четке каккан жок.

«Мамлекет хаос, мыйзамсыздык жана диктатурага чөмүлүп баратат. Бийликке коррупциялашкан адамдар келип, өлкөнүн Конституциясы тебеленип жатат», — деди ал.

Султанбеков менен Жапаров 14-октябрда жолугушушкан. Ал жолугушууда Султанбеков Жапаровго эл колдоосуна ээ кенин жана ката кетирүүгө укугу жоктугун айткан.

Жапаров менен жолукканга чейин Султанбеков 10-октябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Бишкекте 9-октябрда массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелип кармалган.

Ал Жапаров коомго коркунуч туудурбаган саясий атаандаштарга карата кылмыш куугунтугуна жол берилбеши керек деп билдирип аны коргоп чыккандан кийин бошотулган.

Ал учурда Өмүрбек Бабанов жана Жанар Акаев Султанбековду колдоп чыгышкан.