ЖМК: Мелис Мырзакматов Түркияга учуп кетти, бирок кайра кайтып келет

Мелис Мырзакматов (6-октябрдагы сүрөт)

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 27-октябрда жеке иштери менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар Мырзакматовдун жакындарына таянып жазышты.

«Ал убактылуу жеке иштери менен кетти. Жакын арада кайтып келет. Мелисбек Жоошбаевич — эркин адам, ал өлкөнүн ичинде да, сыртында да жүрө алат», — деп билдиришкен анын жакындары.

«Vesti.kg» басылмасынын булактары мурдагы мэр тогуз күндө кайта турганын кабарлашкан.

Мырзакматов Ош шаарына 7-октябрга караган түнү учуп келген, ал 2014-жылдан бери Түркияда жашап жатат. Мырзакматов шайлоого нааразы болгондор Бишкекте митингге чыгышып, Ак үйдү басып алгандан кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болуп турган. 2013-жылдын аягында ал парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибековду колдогон митингге чыккан — ал убакта Келдибеков коррупцияга айыпталып камакка алынган болчу. Ошол учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев биринчи Мырзакматовду ыйгарым укугунан чыкпоого чакырып, эки күн өткөндөн кийин аны кызматынан алган.

Мырзакматовдун өзүнүн айтымында, анын кызматтан кетишине бийликтегилерге, анын ичинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жана анын президенттик социал-демократтар партиясына ачык эле каршы турганы себеп болгон.

Саясатчынын кызматтан алынышы Ошто митингдердин жаңы толкундарынын чыгышын шарттаган. Бирок мурдагы мэр өзү тарапташтарын тынчтыкка чакырып, аларды үйлөрүнө таркап кетүүгө үндөгөн.

Кийинчерээк Мырзакматовго карата кылмыш иши козголуп, ага Оштогу эстакадалык көпүрөнү салууда «кызматтык абалынан аша чапкан» деген айып тагылган. Тергөө Мырзакматов 27 млн сомду ыксыз короткон деп айыпталганы менен экс-мэр өзү «ар бир тыйын» үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

2014-жылы Мырзакматов Оштун мэрлигине кайрадан талапкерлигин койгон, бирок шаардык депутаттар анын ордуна «бийликчил» талапкер Айтмамат Кадырбаевди шайлаган. Мырзакматов чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон, ал эми 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Мырзакматов Ошко кайтып, бир катар таасирлүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айткан — алардын арасында депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов да болгон.

Көп өтпөй Мырзакматовдун иши кайрадан каралып чыгып, Ош шаардык соту аны актаган. Ал эми Ош облусттук жана Жогорку сот бул өкүмдөрдү күчүндө калтырышкан — үч инстанциянын соттук отурумдары төрт күндүн ичинде аяктаган.