Мелис Мырзакматов: «Искендер Матраимов, Асылбек Жээнбеков менен жолуктум»

Мелис Мырзакматов. «7 каналдан» алынган скрин

Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов журналисттерге маек куруп, өлкөдөгү кырдаал боюнча комментарий берди. Мырзакматов өлкөдөгү шайлоо «өтө жаман» өткөнүн белгилеп, учурда ал «түштүк региондорунда тынчтыкты орнотууга көмөк көрсөтүп жүргөнүн» айтты.

Ошондой эле Мырзакматов өлкөдөгү бир нече белгилүү адамдар менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Ал президент Сооронбай Жээнбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жана парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибеков.

«Райым Матраимов менен сүйлөшкөн жокмун. Акыркы бир жети-сегиз жылда… Мен Кыргызстандан кеткениме алты жыл болду да [...] [Сооронбай Жээнбеков менен] байланыштым. Ал киши өзү чалды, айтты: “Кыргызстандын ынтымактыгына жардамыңарды бергиле, Мелис, сен тажрыйбалуусуң, салымыңды кош” деди», — деди Мырзакматов.

Мындан сырткары ал депутаттар Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов менен жеке жолугушканын ачыктады.

«Мени чакырышты, “келиңиз, стабилдүүлүктү кармаңыз” деп. Асылбек Шариповичтин офисине бардым, “кандай кылайлы?” Мен бардыгын пикирин угушум керек да [...] Искендер Матраимов менен сүйлөштүм, могул жерде беш-алты адам күбө болуп отурду. “Спортчуларыңды чыгарба, мыйзам талаасына түшөлү. Анан сен уурусуңбу, дерзкийсиңби, сот-прокуратура тергеп алат, мыйзам талаасына түшкөндөн кийин. Ага чейин мыйзамды бузбайлы” дедим. Колдоп берди. Мен “болуптур, мен жөн отурайын” дедим», — деди Мырзакматов.

Мырзакматов мамлекеттик кызматка аттанбаганын жана шайлоого катышпай турганын кошумчалады. Оштун мурдагы мэри кийинчерээк Түркияга кайта турганын белгиледи.

Кыргызстанга 7-октябрга караган түнү учуп келген. Мырзакматов аны колдоого чыккан миңдеген кишилерге кайрылып, өлкөнүн түштүк региондорунда «тартип орнотуу керектигин» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мелис Мырзакматов: «Эртең менин командамды күтөсүңөр»