Жогорку сот Оштун экс-мэри Мырзакматовду актады. Ал 27 млн сомду короткон деп айыпталган

Жогорку соттон «Клоопко» билдиришкендей, Оштун мурдагы мэри, «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидери Мелисбек Мырзакматов толугу менен акталды. Мындай чечим 15-октябрда Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ош облустук сотунун кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы бул чечимди 16-октябрда колдоого алган.

Бирок Ош шаардык прокуратурасы бул чечимдердин мыйзамдуулугу менен негиздүүлүгүнөн күмөн санап, алардын үстүнөн Бишкекте даттанган. Жогорку сот 19-октябрда аргументтердин бардыгын карап чыгып, мурдагы инстанциялардын актоо өкүмдөрүн күчүндө калтырды.

Мырзакматовдун иши

Мелис Мырзакматов кызматтык абалынан кыянат пайдаланып, Оштогу эстакадалык көпүрөнү куруу учурунда 27 млн сомду ыксыз короткон делип айыпталган. Мырзакматов өзү бул ишти саясий мүнөзгө ээ деп атаган.

Ал башында Убактылуу өкмөттү, андан соң жаңы президент Алмазбек Атамбаев менен анын КСДП партиясын байма-бай сынга алып турган. Мырзакматов кармалуудан чочулап, 2014-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийинчерээк ал эл аралык издөөгө жарыяланган.

2015-жылы саясий ишмер сыртынан жети жылга кесилген. Мырзакматов кийинчерээк актоо өкүмү үчүн андан жарым млн АКШ долларын талап кылынганын айтып чыккан.

Ал Кыргызстандын сыртында жүрсө да саясий ишмердүүлүгүн токтоткон эмес. «Улуттар Биримдиги» 2013-жылы депутат Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоого баруу үчүн альянс түзгөн.

Ал эми 2019-жылы партиянын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга ниети бар экени белгилүү болгон. Бирок 4-октябрдагы шайлоого катталган партиялардын тизмесине кирген эмес.

Мырзакматов жана эл

Ош шаарынын тургундары Мырзакматовго бир далай жолу элдик колдоо көрсөтүшкөн. Биринчи жолкусунда, 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин алар митингдер менен аны мэрлик кызматта алып калышкан. Экинчи жолкусунда, Оштун тургундары 2013-жылы нааразылык акциясына чыгышкан, ал учурда саясатчы кызматынан алынган болчу. Үчүнчү жолу шаардыктар жана облустун тургундары Мырзакматовду түштүк калаанын мэрлигине кайтарууну талап кылышкан. Бул 6-октябрда, өлкө саясий кризиске кептелип турган маалда болгон.

Ал Кыргызстанга 7-октябрга караган түнү кайтып келген. Кийин саясатчы өзү элдин талабы менен кайтып келгенин айткан. Мырзакматов өзүнө өлкөнүн түштүгүндөгү саясий туруктуулукту көзөмөлдөгөн бейрасмий модератордун ролун алып алган.

Мырзакматов түштүктөгү саясий лидерлер менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын айтымында, ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси — депутат Асылбек Жээнбеков жана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — депутат Искендер Матраимов менен жолуккан.

Андан кийин ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Мындан тышкары, Мырзакматов телефон аркылуу Сооронбай Жээнбеков менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган. Кийинчерээк Жээнбеков отставкага кеткен.

Мелисбек Мырзакматовдун жана «Улуттар Биримдигинин» жаңы саясий пландары тууралуу азырынча маалымат жок. Мырзакматов кайтып келген соң мэр болуу планында жоктугун, дегеле саясатка барууга каалоосу болбогонун, өлкөдө абал турукташса кайра эле Туркияга кетүүнү самап жатканын айткан.