Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик салык кызматында коррупциялык схеманы аныктады. Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, салыкчылар алкаголдук ичимдик өндүрүүчү ишканаларга «өзгөчө ири өлчөмдөгү» милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жана өндүрүштүн чыныгы көлөмүн жашырууга жардам беришкен.
УКМКнын ыкчам тобу Салык кызматынын борбордук аппараты менен райондук башкармалыктарынын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүштү. Ошондой эле алкоголь өндүрүү тармагынын монополист компаниясынын Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жайгашкан заводдордун жана кампаларын кыдырып чыгышкан.
Тинтүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 100 млн сомдон ашкан 460 миң даана алкоголь ичимдиги алынган. Аны менен катар тергөөчүлөр атайын уруксат документтери жок спирт ичимдиктери сакталган жеке үйлөр менен кампаларды аныктаган.
Учурда Коррупцияга каршы күрөш кызматы өлкөнүн кызыкчылыгына келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн табылган продукциялардагы акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүдө.
Бул Салык кызматы ири компаниялардын салык төлөмдөрүнүн өлчөмүн жаап-жашыргандыгы боюнча айтылган айыптоолордун алгачкысы эмес. Финпол 27-октябрда Соцфонд менен салык кызматынын кызматкерлери «Кумтөр Голд Компани» алтын кен компаниясына «артыкчылык бергендиги» тууралуу билдирген. Ушундай жол менен компания кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келиши мүмкүн экени айтылган.
Салык кызматы бул айыптоолорду «негизсиз» деп атап, текшерүү үчүн финполго бардык документтерди берүүгө даяр экенин билдирди.
Салык кызматы жана алкоголь
Салык кызматы алкоголь рыногун 2012-жылдын февралынан тарта көзөмөлдөп баштаган. Ведомствонун кызматкерлери дүкөндөрдөн сертификаты, коштомо кагазы жана лицензиясы жок, ошондой эле жасалма акциздик маркалары менен сатылып жаткан спирт ичимдиктерин алууда.
Мисалы, 2016-жылдын 21-январында салыкчылар 700 литрден ашык алкоголду Бишкектеги канализацияга төккөн. Ал эми 2015-жылы салык кызматы аткезчилик продукциялар болбошу үчүн алкоголь чыгарган заводдорго онлайн байкоо жүргүзгөн камералар аркылуу көз сала баштаган.
Бирок эки ири алкаголь өндүрүүчү компаниялар — «Аю» жана «Кыргыз Алко Трейд» өкмөттүн чыгаша эсептегич жана байкоочу камераларды орнотуу чечимин сот аркылуу жокко чыгарууга аракет кылганы менен талабын сот канааттандырган эмес.
2020-жылы алкоголдук продукцияларга болгон акциздик салык бир литр аракка жана этил спиртине кеминде 30%га — 70 сомдон 100 сомго чейин өскөн. Аны менен бирге бир литр үчүн акциз салыгы жыл сайын 20 сомго өсүп турат.