Финпол: Соцфонд жана салык кызматында 9 млрд сомдук коррупция аныкталды

Атайын кызмат тарабынан Социалдык фонд жана Мамлекеттик салык кызматында (МСК) ведомстволордун жетекчилиги аралашкан ири өлчөмдөгү коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, бул ишке аралашкан чиновниктер мамлекеттин бюджетине 9 млрд сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

«Соцфонд менен МСКнын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, жең ичинен каражат алып туруу үчүн мыйзамга каршы келген байланыш түзүшкөн. Алар алтын казуучу “Кумтөр Голд Компани” компаниясына артыкчылыктарды беришкен, натыйжада компания кошумча салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй келген», — деп билдиришти финполдон.

Аталган факт Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө уланууда.

«Кумтор Голд Компани» ишканасы кылмыш иши козголгондугу тууралуу азырынча билдирүү ала электигин билдирди.