Жапаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча: Парламенттин жарымы бир мандат менен шайланышы керек

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарына иш сапары менен барып, тургундар менен Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо жолугушуу өткөрдү.

Жапаров тургундарга жаңы парламенттик шайлоо 1-июнда өтө турганын айтты. Ошондой эле ал шайлоо жаңы система менен өтө турганын белгиледи. Жапаров өзү бир мандаттуу системаны киргизүүнү сунуштап жатканын билдирди, себеби партиялык система «мамлекетти талкалап, сазга батырды».

Ошондой эле ал Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоорунда «Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келиши» жазылганын билдирди. Жапаров стадиондо отургандардан алар кайсы системаны колдогонун сурап, кол көтөрүүнү суранды. Чогулгандардын көпчүлүгү «бир мандаттуу системаны колдорун» билдиришти.

«Ушул жерде 5 миңдей адам отурат, анын 100 пайызы бир мандаттуу системаны колдоп жатасыздар, э? [...] Ар бир район, өзүнүн балдарын беш колундай жакшы билет. Кимиси эмнеге жөндөмдү экенин. Ошол үчүн бир мандаттуу болсо өзүңүздөр өкүлүңүздөрдү жибересиздер. Беш жыл бою сиздердин Жогорку Кеңештеги өкүлүңүздөрдүн ким экенин билесиздер. Азыр өкүлүңөр ким экенин билбеген учуруңар көп да. Мисалы, мен деле 120 депутаттын 50-60ын жакшы тааныбайт экенмин. Ошондуктан ушундай сунуштар кигизилип жатат, муну эске алабыз», — деди Жапаров.

Анткени менен Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн дайындай элек. Буга чейин БШК шайлоону 20-декабрга дайындаган болчу, бирок Жогорку Кеңеш аны 2021-жылга чейин жылдыруу чечимин кабыл алган. Буга депутаттар алгач конституциялык реформа жүргүзүп, андан кийин шайлоо өткөрүү туура кадам боло турганы менен жүйөлөшкөн.

Юристтер Жогорку Кеңештин мындай кадамы Конституциянын нормаларын бузуп, Кыргызстанды укуктук нуктан кризиске түртөт деп эсептешет.

«Демократия үчүн жана жарандык коом коалициясынын» жана «Актив» саясий партиясы Жогорку Кеңештин бул чечимине нааразы болуп, сотко кайрылышкан. Бирок сот Жогорку Кеңештин чечимин күчүндө калтырган. Кийинчерээк бул маселе боюнча БШК Жогорку сотко кайрылды, бирок сот комиссиянын даттануусун кароодон баш тарткан.