Парламентке кайрадан шайлоо 20-декабрда өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайрадан шайлоону 20-декабрга дайындады. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгып, Ак үйдү жана башка мамлекеттик мекемелерди басып алгандан кийин жыйынтык жокко чыгарылган. Андан соң Кыргызстанда бийлик алмашып, президент, премьер-министр кызматтан кеткен. Учурда президенттин милдетин жана премьерликти Садыр Жапаров аракалап жатат.

Ал ортодо кайрадан шайлоону уюштурууга канча каража кетери тактала элек. Боршайком 4-октябрда өткөн шайлоодо 200 млн сомдой каражатты үнөмдөгөн болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча 20-декабрга дайындалган шайлоого болжол менен 460 млн сомдой коротулат.

Kaktus.media басылмасы шайлоого кете турчу каражаттарга БУУнун өнүктүрүү программасы, ЖККУ, USAID өңдүү бир катар эл аралык өнөктөштөр жардам берүүгө даяр экенин жазды.

Буга чейин Боршайком кайрадан шайлоону уюштуруу үчүн бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган болчу. Атап айтканда, шайлоо босогосун төмөндөтүү, форма №2 менен жашаган облусунан тышкаркы жактарда гана добуш бере алуу мүмкүндүгүн киргизүү жана шайлоо күрөөсүн азайтуу. Эң маанилүү сунуш болсо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга түрткү берген партияларды шайлоого катыштырбоо болгон.

4-октябрда өткөн шайлоодо үч партия — «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Биримдик» алдыга чыккан. Бул өз кезегинде шайлоочулардын жана башка партиялардын нааразычылыгын жараткан. Бир катар партиялар үч саясий бирикмени добуш сатып алууга, админресурсту колдонууга айыпташкан. Ошондой эле, ишти укук коргоо органдары карап чыгуусу керектигин белгилешкен.

Азырынча Боршайкомдун сунушу боюнча Жогорку Кеңеш үн ката элек.