«Адилет» укуктук клиникасы: Депутаттар жана Жапаров Конституцияны, парламенттин регламентин бузду

«Адилет» укуктук клиникасы парламенттин депутаттары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизген учурда Конституцияны жана парламенттин регламентин кайрадан бузушканын кабарлады.

«Өлкөдөгү кырдаалды жана коомдук-саясий абалды» эске алуу менен парламент БШК буга чейин датасын белгилеген кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү жылдыруу чечимин кабыл алышты.Ага чейин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүлмөкчү.

Ар бир мыйзам долбоорун кабыл алууда регламент бар экени, анын ичинде мыйзамдын артка иштөө күчү жоктугу жана шайлоо БШК белгилеген мөөнөттө өтүшү керектиги эл өкүлдөрүн токтото алган жок. 83 адамдын ичинен жаңы конституциялык мыйзам үчүн 82 адам добушун берди, бир гана Дастан Бекешев «каршы» болду. Жаңы мыйзамга дароо эле президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду.

Көп өтпөй Жапаров «дүрбөлөң болбогула» деп үндөп, парламенттик шайлоо мартка чейин өткөрүлөт деп убада берди. Ага чейин алтынчы чакырылыштын депутаттары өз ордуларында калып, жыйындарга чогулуп, мыйзамдарды кабыл ала беришмекчи. Ал мыйзамдарга президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-мнистр Садыр Жапаров кол коё берет.

«Адилет» укук клиникасынын юристтери парламенттин жана Жапаровдун аракеттерин талдап көрүп, ал кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн, эмне үчүн алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан кабыл алынып, Садыр Жапаров кол койгон документтердин бардыгы мыйзамдан тыш экенин, алардын мындан аркы аракеттери да мыйзамсыз болоорун түшүндүрүп беришти.

Алтынчы парламенттин буга ыйгарым укугу жок

Конституциянын 70-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш беш жылдык мөөнөткө партиялык тизме аркылуу шайланган 120 депутаттан турат. Алардын иштөө мөөнөтү 28-октябрда аягына чыгат. Жаңы чакырылыш болсо жок. Мындан улам алтынчы чакырылыш өзүнүн регламентин бузуп, ишин улантып жатат. Алар бир күндө сунуштап, үч окуудан тең кабыл алган конституциялык мыйзам — мыйзамсыз.

«...Мыйзамда көрсөтүлгөн процедуралар бузулуп, аталган мыйзам талап кылынган мөөнөттөргө ылайык коомдук талкуу үчүн эч бир жерде жарык көргөн эмес. Ошондой эле аталган мыйзам долбоору менен конституциялык реформа жүргүзүү сунушталууда.

Бирок, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча процедуралар бир нече айды алат. Демек, 2020-жылдын 28-октябрынан кийин 6-чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыктан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жана карай албайт», — деп белгилешет юристтер.


Конституцияга ылайык, учурдагы парламенттин ыйгарымдары 2020-жылдын 28-октябрында аяктайт, андан кийин алардын чечимдеринин бардыгы легитимсиз болот.


«Конституциялык реформа аягына чыкканга чейин парламенттик шайлоону артка жылдырууга жол берген мыйзамды 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш үч окуудан тең дароо кабыл алып, ал эми президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Бирок аталган документти кабыл алуунун мыйзамдык жагы ушундай укуктук актыларды кабыл алуунун тартиби одоно бузулганын эске алганда олуттуу жана толугу менен негиздүү суроолорду жаратууда. Мындан тышкары, бул мыйзам менен учурдагы парламенттин ыйгарымдары 8 айдан ашуун узартылып кетүүдө, бул түздөн-түз Конституцияга каршы келет», — деп эсептейт укуктук клиника.

Конституцияга түзөтүү киргизүү регламенти бузулган

Конституциянын 114-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык, өлкөнүн баш мыйзамына түзөтүү киргизүү демилгесин парламенттик көпчүлүк (120 депутаттын ичинен 61ден кем эмес) же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочу гана демилгелей алат.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 66-беренесинин 1-бөлүгүндө, Конституцияга түзөтүү киргизүүгө байланыштуу референдум өткөрүү үчүн, Регламенттин 47-беренесинде көрсөтүлгөн документтерден сырткары, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору тиркелет деп жазылган. Мыйзам долбооруна 5 документ милдеттүү түрдө тиркелет.

  • Демилгечилердин коштомо каты;
  • Мыйзамдын долбооруна маалымкат-негиздеме, ал маалымат камтышы керек:

Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;

Мыйзамдын социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келиши жөнүндө;

Парламенттик угуулардын, коомдук талкуунун жайынтыктары жөнүндө;

Мыйзам долбоорунун мыйзамга туура келүүсү жөнүндө;

Каржы булактары тууралуу;

Эгерде укуктук-нормативдик актылар долбоору коомдук топтордун, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын кызыкчылыктарын камтыса, тиешелүү ассоциациялар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу кеңештери менен кеңеш-талкуу иштеринин жыйынтыгы жөнүндө;

  • Колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилсе, салыштырма таблицасы;
  • Киргизилген мыйзам долбоорунан улам келип чыккан мыйзам долбоорлору (мындан ары — мыйзам долбоорлор топтому);
  • Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуу таасиринин анализи.

Андан кийин гана, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти Жөнүндөгү» мыйзамдын 66-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, депутттар тарабынан Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоору кабыл алынат. Ал үчүн мыйзам долбоору парламентке түшкөндөн кийин бир айдан ашпаган убакыт ичинде жана андан кийин үч айдан кечиктирилбестен депутаттардын үчтөн экиси добуштарын бериши керек.

КРнын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мыйзам долбоору үч окуудан өтүшү керек. Ал эми окуулардын ортосунда эки айлык тыныгуу каралган. Депутаттардын үчтөн эки бөлүгү Конституцияга өзгөртүү киргизүү мыйзамын кабыл алса, ал мыйзамды Жогорку Соттун Конституциялык палатасы кароого тийиш. Эгерде Конституциялык палата сунушталган өзгөртүүлөрдүн зарылчылыгы жок деп тапса, мыйзам долбоору артка кайтарылат.


Ушул нормалардын бардыгы бузулган


Эл өкүлдөрү Конституцияга түзөтүү киргизүү менен гана токтоп калбайт көрүнөт. Алдыда шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш берүү күтүлүүдө. Укуктук клиника шайлоо мыйзамын өзгөртүү боюнча эң популярдуу делген демилгелерди карап чыгып, алардын айрымдары Кыргызстандын демократиялык келечеги үчүн эмне себептен коркунучтуу, өлкөдөгү туруктуулукту кандайча бузушу мүмкүн экенин түшүндүрүп берген.

«Бардыгы кетиши» керек делген БШКнын мүчөлөрү тууралуу

БШКнын бүткүл курамын мажбурлап дароо алмаштырып салуу мүмкүн эмес — БШКнын экс-мүчөсү Атыр Абдрахматова сунуштагандай, эң көп дегенде анын 30%ын гана алмаштырууга мүмкүн. Конституция жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу» мыйзамы боюнча парламент таркатылгандыгы, президент ыйгарымдарын аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу, же бул орган ушул курамда элдик ишенимге татыбай калганына байланыштуу БШКнын бардык мүчөлөрүн отставкага кетирип салууга болбойт.

БШКга кысым көрсөтүү тууралуу

Юристтер бийликтин бир колго же бир саясий күчтүн колуна топтолуусуна кызыктар адамдар жандана баштаганына кооптонууда. Ал эми БШКга кысым көрсөтүлө баштады.

«Бийлик менен коомчулуктун саясий-укуктук маданиятынын жалпы деңгээлин эске алсак, мамлекеттик институттар азыр дагы, кийин деле БШКнын ишмердүүлүгүнө басым кылуусун уланта берет. Бул Президентти, Жогорку Кеңешти, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө жооптуу болгон БШКнын функционалдык милдеттери менен дагы шартталган.

Мындай жыйынтыктын далили катары 2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтындагы массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу БШКнын бардык мүчөлөрүн ИИМге суракка чакыруу фактысы эсептелет. [БШКнын мүчөлөрүнүн юридикалык кол тийбестиги бар]», — дешет юристтер.

«Түзүлгөн жагдайда азыркы бийликтин позициясы ачык билинбей жатат, анын да көптөгөн өкүлдөрү массалык нааразылык акциясына катышкан, анын натыйжасында экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетип, ал эми шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп таанылган», — дешет юристтер.

«Ыплас партиялардан» тазалануу тууралуу

Айрым партияларды кайрадан өтө турган шайлоого катыштырбоо аракети келечекте жакпаган партияларга басым көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Учурда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларын шайлоодон четтетүү сунушталууда. 12 партия аталган партиялардын мыйзам бузганын айтып БШКга арызданышкан.

Бул партияларды шайлоого жолотпоо же таптакыр эле жоюп салуу идеясын демилгелегендер шайлоо таза өтөт деп актанышууда. Бирок мыйзамдарда абийирсиз талапкерлер менен партияларды кампанияга катышууга тыюу салууга алып барган бир катар механизмдер бар. Ал үчүн териштирүү жүргүзүп, алар тараптан сатып алуу жана башка бузуулар болгонун далилдеп берүү керек.

«Бирок тийиштүү чечимдер өз убагында жана мыйзамдын талаптарына таптак келгидей кабыл алынышы шарт. Азыр кеч болуп калды, себеп дегенде БШКнын шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө чечими сот тараптан мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылып калган. Мындан тышкары, кайра өтчү парламенттик шайлоонун күнү да дайындалды», — дейт мыйзамдын артка иштөө күчү жоктугун эске салган юристтер .

Андан сырткары, Кыргызстанда бир саясий партиядан экинчисине өтүүгө тыюу салынган эмес. Саясий миграция, өзгөчө шайлоолордун алдында депутаттар арасында салтка айланып калган көрүнүш. Жогоруда аты атылган үч партияны шайлоо өнөктүгүнөн четтеткен күндө деле, алардын талапкерлери башка саясий партияларга кирип, шайлоого катышып, балким парламентке өтүп келиши мүмкүн.


Ал эми партиялардын парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салуу механизми кала берет.


«Демек, мындай түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча айтылган максаттарга жетүү мүмкүн эмес. Аны менен бирге, мындай демилгелер Кыргызстандагы демократия менен парламентаризм үчүн эбегейсиз чоң коркунучтарды жаратат. Себеп дегенде саясий партияларды шайлоого катыштырууга жол бербеген механизм келечекте бийлик тарабынан альтернативдүү позиция менен көз карашты карманган уюмдарга карата колдонулушу мүмкүн», — деп эсептешет «Адилет» укуктук клиникасындагылар.

«Адилет» укуктук клиникасы республиканын бийлиги жана башка саясий күчтөр Конституцияны жана мыйзамдарды бузбайт деп үмүттөнөт. Болбосо, өлкөдөгү коомдук-саясий кризис ансайын күчөп, Кыргызстан кайрадан укуктук нуктан чыгып кетиши мүмкүн.