Кыргызстандагы юристтер 26-октябрда парламенттик шайлоонун жокко чыгарылышы боюнча жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн легитимдүүлүгү тууралуу жыйын курушту. Алар бир добуштан бул чечимдер Конституцияга каршы келет деп билдиришти.
«Кризистен чыгуу үчүн парламенттик шайлоону өткөрүү керек»
Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева Кыргызстанда бийликтин легитимдүүлүгүнүн кризиси болуп жатканын белгилеп, андан чыгуунун жолу 20-декабрга дайындалган парламенттик шайлоону өткөрүү деди. Анын айтымында, шайлоо ачык, акыйкат өтүшү шарт.
«БШКнын чечими толугу менен мыйзамдын негизинде болгон. Муну кризистен чыгууга жасалган аракет катары баалашыбыз керек. Эгерде шайлоону жылдырсак азыркы бийликтин легитимдүү эместиги күчөйт, кризистен чыкпай, туңгуюкка алып келет. БШК конституциялык орган, анын компитенциясына шайлоого даярдануу жана өткөрүү кирет», — деп түшүндүрдү Токтогазиева.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 22-октябрда антиконституциялык мыйзам кабыл алды. Мындан улам Конституциялык палатада бул маселе каралып жатканын кошумчалады.
«Учурда биз Конституциялык палатанын чечимин күтүшүбүз керек. Мыйзам "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган эмес, ошондуктан күчүнө кире элек. Ошондой эле, мыйзамдын текстинде ал кайра иштөө күчүнө ээ деп жазылган эмес. БШК бул мыйзам кабыл ала элегинде шайлоону дайындаган. Бул мыйзам күчүнө кирсе да БШКнын чечими мыйзамдуу жана күчүндө деп кала берет», — деди юрист.
«Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр юридикалык күчкө ээ эмес»
«Адилет» укук клиникасынын ага юристи Искендер Какеев Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтты. Ал мындай корутундуга атайын жүргүзүлгөн анализден кийин келгенин кошумчалады.
Анын ырасташынча, аталган мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда Конституциялык нормалар менен башка мыйзамдар одоно бузулган.
Биринчи эле көзгө көрүнгөн нерсе бул 6-чакырылыштын депутаттарынын мөөнөтү дээрлик 7 айга узартылышы.
«Конституция боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары беш жыл деп так белгиленген. Ал жакта беш жыл алты ай, же же жети ай деп жазылган эмес. Андан сырткары Конституцияда шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жана депутаттардын ыйгарым укуктарын узартуу каралган эмес, ага жол берилбейт», — деди Какеев.
Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары 28-октябрда аяктай турганын, дал ушул убакыттан кийин 6-чакырылыштагы парламент кандайдыр бир мыйзамдарды кабыл алып, референдум өткөрүп, же шайлоонун күнүн белгилөө боюнча чечим кабыл ала албай турганын эскертти.
Юрист дагы бир оркойгон катачылык бул кабыл алынып жаткан мыйзамдын коомдук талкууга коюлбаганы экенин кошумчалады.
«Мыйзам боюнча депутаттар, өкмөт кабыл алынып жаткан мыйзамдын текстин милдеттүү түрдө коомдук талкууга алып чыгып, эмне үчүн бул мыйзам долбоору керектигин негиздеп түшүндүрүп бериши керек. Коомдук талкуу бир айдан кем эмес болушу шарт. Бир гана өзгөчө шартта гана коомдук талкуунун мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Мыйзамда мындай жагдайлар деп жаратылыш кырсыктары, ар кандай катаклизмдер экени белгиленген», — деди ал.
Какеевдин ырасташынча, аталган мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар дал ушул «өзгөчө абал» деген норманы бетке кармап жатканына токтолду. Бирок бүгүнкү күндөгү кырдаал мыйзамда көрсөтүлгөн «өзгөчө абалга» кирбей турганын кошумчалады. Себеби, учурда өлкөдө абал турукташкан.
Ал ошондой эле, бул мыйзам долбоору бир күндө сунушталып, жактырылып жана президенттин милдетин аткаруучу тарабынан кол коюлушу дагы мыйзам бузуу болуп эсептелерин эскертти.
«Бир күндө бардык окууда кабыл алууга негиз жок болчу. Өлкөдө эч кандай катаклизм жана башка нерселер болгон эмес. Жогоруда санап кеткен мыйзам бузуулардан улам кабыл алынган документтин юридикалык күчү жок болуп эсептелет. Бийликтин бул мыйзамды аткаруу боюнча тигил, же бул кадамдары дагы юридикалык күчкө ээ болбойт», — деди Какеев.
«Соттун чечими көптөгөн суроолорду жаратат»
Биринчи май райондук соту 24-октябрда БШКнын парламенттик шайлоону дайындоо тууралуу токтомун жокко чыгарган. Боршайком бул чечимди даттанаарын билдирди.
Токтогазиеванын пикиринде, соттун бул чечими юридикалык жактан көптөгөн суроо жаратат. Ошондуктан кассациялык тартипте даттанылышы керек.
«Сот биринчиден БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра шайлоо дайындады деген жүйөө келтирди. Сот БШК кайра шайлоону дайындаганга чейин шайлоо жыйынтыгын чыгарганын эске алган жок. Дагы андан да маанилүүсү, административдик сот 22-октябрда кабыл алынган бирок күчүнө кире элек мыйзамга таянды. БШК бул кырдаалга колунан келгендин баарын жасады. Бардык мыйгам бузуулар тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн. Ушул органдар аракет көрбөй, аракет көрбөөнү дагы деле улантууда», — деди ал.
Ошондой эле юрист БШКнын мүчөлөрү иммунитетке ээ экенин белгилеп, бардык тоскоолдуктар кылмыш жоопкерчилигине жол ачат деп түшүндүрдү. Мындан сырткары БШК көз карандысыз, туруктуу орган катары кала бериши керектигин айтты.