Кыргызстан Түркиядан аскердик техника жана курал-жарактарды алды

Башкы штабдын басма сөз кызматы 4-ноябрда Түркия Кыргызстанга армия үчүн аскер жабдыктарын бергенин кабарлады.

Кыргызстан аскер унааларын, оорук жана медициналык техникаларды алды. Техникаларды өткөрүп берүү иш-чарасына Түркиянын элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Башкы шабдын башчысы Таалайбек Өмүралиев катышты.

Жолугушууда Өмүралиев Түркияга курал-жарактар, аскердик техника, оорук жана медицина каражаттарынан турган материалдык-техникалык жардамга анын ичинде аскер кадрларды даярдоодогу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи Камиль Фырат Түркия мындан ары да аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Башкы штабдан аскерий-техникалык мүлктүн биринчи партиясы Түркиядан Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле жеткирилгенин, бул жардам эки өлкөнүн ортосундагы аскердик финансылык кызматташтык боюнча түзүлгөн макулдашууларынын алкагында көрсөтүлгөнүн кошумчалашты.