«Садыр, садага болоюн, лампочкам!». Жалал-Абаддын тургуну Жапаровду эркелетти

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Жалал-Абадга барып, эл менен жолугушту. Андагы суроо-жооп учурунда Жапаровду аялдардын бири «лампочкам» деп эркелетти.

«Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, ананайын чырагым, лампочкам. [...] Эми белиңди бекем бууп, иштеп бер! [...] Билбейм сен шайлангандан бери ырдагым эле келет, ырдагым эле келет. Садага болоюн, сен бизге түбөлүк президент бол, түшпөй кой тактыдан», — деди ал.

Тургун Жапаровго кайрылып, депутаттардын санын азайтууну сунуштаган. Ошондой эле «президенттер келгенде жакшы келип, кийин айнып кетишээрин» айтып, Жапаровдон «айнып кетпөөнү» суранган.

Жапаров 2-ноябрдан баштап Баткен, Ош, Жалал-Абадга иш-сапары менен барган. Анда ал облустарды кыдырып, эл менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жапаровдун бийликке келиши

Жапаровдун тарапташтары аны УКМКнын ТИЗОсунан 2020-жылдын 6-октябрынын таңында, Ак үй алынгандан кийин, камактагы башка саясатчылар менен кошо бошотуп чыгышкан. Жапаров дароо эле премьерликке келүүгө аракеттерди көрө баштаган. Муну тарапташтары дагы талап кылып, айрым депутаттар аларга карата коркутуулар болгонун айтып чыгышкан. Садыр Жапаров премьерликке бекитилген күнү, Алмазбек Атамбаев колго түшүрүлүп, кайрадан абакка кайтарылган.

Жапаров менен сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткен. Парламенттин спикери Канат Исаев президенттин милдетин аткарышы керек болчу, бирок премьер-министрдин тарапташтары анын да отставкасын талап кылышып, өлкө башчысынын милдетин Садыр Жапаров аткарышын каалашкан. Жыйынтыгында Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартып, анын ыйгарым укуктары автоматттык түрдө Садыр Жапаровго өткөн.