Жапаров Ошто эл менен жолукканда бажыдагы коррупция менен «Абу Сахий» көйгөйү кайра көтөрүлдү

Исабай Сулайманов Садыр Жапаровго суроо берип жаткан учурдан скрин

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго 3-ноябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда эл менен жолуккан учурда, тургундардын бири бажы жана «Абу-Сахий» ишканасы тууралуу суроо берди. Өзүн Алай районунун тургуну Исабай Сулайманов деп тааныштырган тургун мамлекеттик бюджетти толтуруунун бир булагы бул — бажы деп айтты.

«Ал жак эң коррупциялашкан жай, ал жактын жетекчилерин сиз алмаштырганыңыз менен, башчынын биринчи орун басары “шапкени” алып жатат дагы эле. Аты Тимур болсо керек, фамилиясын билбейм. Мисалы Кытайдан жүк чыга турган болсо, Эркечтамдан Кара-Сууга келет. Ал жакка өзүнүн “адамын” коюп коёт дагы, ал “адам” башчысы “добро” бербесе машинаны өткөрбөйт. Эртең мененки саат тогузда келген айдоочу түнкү саат он экиге чейин суукта тура берет. Качан Оштогу начальникке “шапке” берилгенде, “добро” келет, анан коё берет», — деди Сулайманов.

Ошондой эле, ал Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Абу Сахий» ишканасы тууралуу айтып, андагы коррупция схемаларына бөгөт коюлса, Кыргызстан Кытайга болгон карыздан кутулмак деген пикирин айтты. Сулаймановдун айтымында, «Абу Сахий» ишканасы Кытайдан алып чыккан жүктөрдүн квоталарын, салмагын өзгөртүү үчүн бажыга ар бир унаадагы жүк үчүн 4600 доллар төлөйт.

«2007-жылдан бери “Абу Сахий” деген мите курт пайда болгон. Жанагы “Абу Сахийдин” жүктөрүнө ар бир унаадан 4600 доллардан “шапке” алат деп Саймаити айтканы бул факт! 2007-жылдан бери биздин “оперативный учёт” боюнча Кытайдан Өзбекстанга 120 миңге жакын машина жүк өткөн. 120 миң унаанын ар биринен 4600 доллар “шапкесин” алса, 500 млн доллар болот, туугандар. Бул Кытайдан [карыздан] кутулуштун бир жолу. Эми аны убагында Сооронбайга, же Атамбаевге, же Бакиевге алып бардыбы аны эми кудай билет. Биз аны далилдей албайбыз», — деди ал.

Алайлык тургун мындан сырткары «Абу Сахий» ишканасын жетектеген Хабибула Абдукадырды Кыргызстан аркылуу алынып өткөн жүктөр боюнча туура эмес эсеп-кысап берет деп айыптады.

«Кытайда Абдукадыр деген ишкер бар, уйгур. Кыргызстанга унааларды чыгарып, ал үчүн кыргыз шоопурларына ар бир каттамга 30 миң айлык төлөйт, өзү 3000 долларды “чөнтөгүнө” салып кетет. Шопурлар бир айда кээде эки жолу, кээде төрт жолу рейс кылат, бирок 250 адамдын соцфондко төлөгөн акчасы 1 млн сом болот экен. Жылына 40 млн сом болушу керек эле, бирок андай болбойт, жалган эсеп-кысап кылынат», — дейт Сулайманов.

Садыр Жапаров бажыдагы коррупция тууралуу толук маалыматы бар экенин айтып, ал маселелер чечилет деп ишендирди.

«Бул коррупция иштери боюнча азыр иш алпарып жатабыз. Мурда “чөнтөккө” түшүп жүргөн акчалар эми бюджетке түшөт. Айрым жерлерде, мисалы аэропорттогу коррупция акчалары мамлекетке түшө баштаган. Акырындап баарына жетебиз», — деп жооп кайтарды Жапаров.

«Абу Сахий» ишканасы, Саймаити жана Хабибула Абдукадыр

«Абу-Сахий» карго компаниясы «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги тууралуу биргелешкен журналисттик иликтөөсүндө аталган.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматчысы Айэркен Саймаити бул компанияны кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр жана анын бир туугандары негиздегенин айткан.

Жылдар өтүп, Абдукадырдын үй-бүлөсү «Абу-Сахийди» байыркы Жибек Жолунун изи менен Кытайдан товар ташыган карго империясына айландырган. Саймаитинин айтымында, «Абу-Сахий» компаниясынын 600 жүк ташуучу унаасы ар кандай товарлар менен Кытайдын Шиңжаң Уйгур автономдуу району менен Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүп, Ташкентке, андан ары башка аймактарга жөнөтүлүп турган.

Аткаминерлер бажы аркылуу мыйзамсыз өткөрүп жаткан ар бир жүк ташуучу унаа үчүн алган паранын өлчөмү 4,6 миң доллардан 5 миң долларга чейин болгон. Эгер анын бир айда 600 жүк ташуучу унаа деген эсебин колдонсок, анда ай сайын түшкөн киреше 3 миллион долларды түзгөн.

Жүктүн далай бөлүгү өзбек чек арасына жакын жердеги Кашкар-Кыштак айылындагы кампага түшүрүлүп турган. Андан соң бош машинелер «транзит» деген документтери менен Өзбекстанга жөнөтүлгөн.

Түшүрүлгөн жүктү Кыргызстанда сатууга, же Казакстан жана Орусия сыяктуу кирешелүү базарларга жөнөтүүгө жол ачылган. Товарлардын дагы бир бөлүгү «Абу-Сахий» базарына калтырылып турган.

Бул схема ЕАЭБ тарабынан каралган жыйымдардан кутулууну мүмкүн кылган.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» бажы терминалдарында, ошондой эле өзбек чек арасындагы Кара-Суу терминалында жетиштүү сандагы тааныш офицерлер иштеген. Андыктан бул мекемелер Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жеке менчик жайлары сыяктуу иштеп калышкан.

Ондон ашык ишкер сүрөттөп берген тартипке ылайык, «Абу-Сахий» жана ага байланышы бар карго компаниялары гана өздөрүнүн жүк ташуучу машинелерин бажы посту аркылуу тез жана натыйжалуу өткөрүп кетип турушкан. Атаандаш фирмалар кечеңдетүүгө жана оор тоскоолдуктарга кабылгандыктан алар үчүн бизнес жүргүзүү оор ишке айланган.

Абдукадыр Кытайда төрөлгөн, бирок 2011-жылдын ноябрында Казакстандын паспортун алган, ал эми 2012-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде жашап турууга уруксат алган.

Анын, үй-бүлөсүнүн жана компанияларынын кыргыз аткаминерлери жана саясатчылары менен тыгыз байланышы бар. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен да тааныш. Жээнбековдун инаугурациясында да болгон. Ошондой эле, Абдукадырдын Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандагы таасирдүү клан — менен чогуу негиздеген Дубайда бизнестери да бар. Ал эми анын «АКА» компаниялары Кыргызстандагы көптөгөн тендерлерге катышкан.