COVID-19 жуктурган төрт бейтап каза болду — алардын бири медкызматкер

Республикалык штаб 5-ноябрда коронавирустан төрт бейтап көз жумганын кабарлады. Көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, бирден бейтап Талас облусунда жана Ош шаарында катталды.

Каза болгон бейтаптардын бири Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Мыскал Кадырбекова — ал эки тараптуу пневмониядан улам көз жумган.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 167ге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын санын 29 пайызга азайткан. Ошондой эле Министрлик 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 61 309 учуру катталды. Ооругандардын 52 343ү илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.