Ошто №8 ҮДТнын медайымы эки тараптуу пневмониядан каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Мыскал Кадырбекова 3-ноябрда эки тараптуу пневмониядан каза болду. Ал 66 жашта болчу.

Кадырбекова ооруну кайсыл жактан жуктурганы белгисиз, бирок мурдараак анын бир тууган иниси да илдетке чалдыкканы айтылган.

Маркум аталган медициналык топко өмүрүнүн 14 жылын арнады.

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун төлөйт. Каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Аталган компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын комиссия түзүп, ар бир учурду териштирип чыгат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 26-октябрга карата компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 миңге чукул медик документ тапшырганын кабарлаган. Анын ичинен ооруну жуктурган 377 медикке 200 миң сомдон жана каза болгон 27 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөн.

Мындан сырткары, сентябрь айында «кызыл зонада» иштеген 5 241 медициналык кызматкерге жалпысынан 71 млн 671 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнгөн.