Балбак Түлөбаев кафе, ресторан жана түнкү клубдарды 15 күнгө жапкысы келет

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев фейсбук барагында бардык кафе, ресторан жана түнкү клубдарды 15 күнгө жабууну сунуштады. Анткени кардарларга коронавирус жуктуруу коркунучу бар.

Анын айтымында, коронавирус кырдаалы оорлоп баратат, бирок шаарда өзгөчө абал режимин кайрадан киргизүү мүмкүн эмес.

«Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар», — деп жазды Түлөбаев.

Мындан тышкары, мэрдин милдетин аткаруучу жакын арада кафе, тойкана жана тункү клубдарды жабуу чечими кабыл алынарын кошумчалады.

Бишкек шаарында өзгөчө абал режими алынгандан бери шаар жетекчилиги бизнес ээлеринин суранычына карабай, ири ресторандар менен түнкү клубдардын толук кандуу ишке кирүүсүнө уруксаат бере элек. Ал тургай ишкерлер жана ресторан ээлери митингге чыгып, иштөөгө уруксаат берүүнү талап кылышкан.

Анткен менен Бишкек мэриясы эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына көз салууну жана массалык иш-чара өткөргөн ресторандарга штраф салууну улантууда.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус 61 309 адамда аныкталган. Анын ичинен 52 343 бейтап айыгып, ооруканалардан чыккан. Пандемия маалында COVID-19дан 1 167 бейтап каза болгон.