Бир цитата менен: Жапаров «ачуу чындыкты» угуу үчүн аймактарга барууда

Президентин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров аймактардагы абалды жеринен көрүү максатында республиканын региондорун кыдырып жатканын жана «ачуу чындыкты» угууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ал расмий сапары учурунда Нарын облусунун эли менен жолугушууда айтты.


«Элдин үнү эч качан бийликке жетпейт, бурмаланган учурлар дагы болот, кээде бийлиги бар адамдар көз алдында эмне болуп жаткандыгын билишпейт. Мен ар бир жарандын үнүн угайын, элибиз кандай жашарын көрөйүн, эмне маселелери бар экенин билейин деп келдим. Мамлекеттик бийлик органдарына болгон элдин ишенимин кайтаргым келет», — деди Жапаров.


Президенттин милдетин аткаруучу нарындыктардын көйгөйлөрүн чечүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын убада кылды. Негизинен алар Жапаровдон электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүүнү, аймактын инфраструктурасын жакшыртууну, жерлерди трансформациялоо маселесин жана социалдык көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранды.

Жапаров маморгандарга «ар бир маселени» карап чыгып, аны тез арада чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Облуска болгон экинчи расмий иш сапарында Жапаров Жогорку-Нарын ГЭС каскадына барып, «Билим Булагы» билим берүү борборунун иши менен таанышты.

Ал Жогорку-Нарын ГЭС аскадынын айланасындагы сот териштирүүлөрдүн жүрүшү менен таанышып, маморгандарга «Билим Булагы» комплексин мамлекеттин карамагына өткөрүү ишин тездетүүнү тапшырды.

Жапаровдун аймактарды кыдыруусу

Жапаров буга чейин 25-октябрда Нарын облусуна келип, Мантыш айылындагы социалдык айылдын курулушунун пайдубалына капсула салган. Бул Жапаровдун премьер-министрликке дайындалгандан кийинки алгачкы расмий иш сапары болгон. Дал ушул визит учурунда президентикке ат салыша турганын дагы жарыялаган.

Бийликте турган бир ай аралыгында, Жапаров Нарындан сырткары Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын кыдырган. Ар бир облустта Жапаров жергиликтүү эл менен массалык жолугушууларды өткөрүп, ага жүздөгөн адамдар келген.

Расмий сүрөттөрдө жолугушуу учурунда санитардык нормалар сакталбаганын көрүүгө болот. Бирок Жапаровдун басма сөз кызматы эл арасындагы иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-гигиеналык эрежелер толугу менен сакталды деп маалымдашкан.

Парламенттин жаңы шайланган төрагасы жана Жапаровдун үзөңгүлөшү Талант Мамытов 4-октябрда, массалык жыйналыштарды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, адамдар өз каалоосу менен жолугушууга келгенин билдирди.

Ал эми саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстандагы коронавирус илдетин жуктуруунун жаңы толкуну өлкөдөгү саясий окуялар менен түздөн-түз байланыштуу деп айтууда – митингдер, парламенттик шайлоо өнөктүгүндөгү үгүт иштери.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президентикке талапкер болуу үчүн Жапаров өлкө башчысы жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши керек. Жапаровдун аймактарды кыдыруусу расмий эмес шайлоо үгүтү сыяктанат.

Президентикке талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жарышы 15-декабрда башталат. 9-ноябрга карата БШКга президентикке талапкер катары катталууга 9 адам арыз берген.