Бишкек: Орто-Сай базарында өрт чыкты, каза болгон жана жабыркагандар жок

ӨКМдин басма сөз кызматы кызматы кабарлагандай, базардагы өрт 9-ноябрга караган түнү чыккан.

ӨКМдин маалыматына ылайык, ал түнкү 00:18де башталган. Тилсиз жоону өчүрүүгө беш өрт өчүрүү техникасы, ИИМдин кызматкерлери жана суу ташуучу унаа тартылган. Өрт 1 800 чарчы метр жерди каптаган.

Тилсиз жоо түнкү саат 2:00дө чектөөгө алынып, эртең мененки саат 9дар чамасында толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн натыйжасында каза болуп жана жабыркагандар жок, анын келип чыгуу себептери такталууда.