Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон сапарында Жогорку Нарын ГЭС каскадына барып, учурдагы абалы менен таанышты. Ал электр энергияны Кыргызстан быйыл да кошуна мамлекеттерден сатып аларын айтты.
«Жогорку Нарын ГЭС каскадын кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек», — деп билдирди Жапаров.
Анткен менен Жапаров Нарындагы ГЭС кайсы каражатка куруларын так түшүндүргөн жок.
Ал ошондой эле ГЭС учурда «Электр станциялары» ААКсы коргоого алганын белгилеп, соттук териштирүүлөрдү көзөмөлгө аларын айтты.
Буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонун кабарлаган. Ал суу жетиштүү көлөмдө толбой калса сырттан сатып алуу жагы каралат деген.
Жогорку Нарын ГЭС каскады
Жогорку Нарын ГЭС каскады — кыргыз өкмөтүнүн узак мөөнөттүү энергетикалык долбоору. Анын курулушу Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде 2012-жылы «РусГидро» менен биргеликте башталган. Долбоор ишке аша баштагандан бир нече жыл өткөндөн кийин курулуш бүтпөгөндүктөн кыргыз өкмөтү орусиялык компания менен болгон келишими үзгөн.
Атамбаевдин айтымында, кыргыз бийлиги «Орусияда экономика жана күйүүчү майга баа төмөндөп кеткендиктен» мындай кадамга барууга аргасыз болгон. «РусГидро» келишимдин жокко чыгарылганына жооп кайтарып, долбоорго салынган 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылган.
Ошондон кийин кыргыз бийлиги «РусГидронун» чыгымын жаап, анын ичинде ГЭСтин курулушун бүтүрүп бере турган инвесторлорду издей баштаган. 2017-жылы долбоорго Чехиянын Liglass Trading компаниясы кызыгып, бирок келишим үзгүлтүккө учураган, себеби инвестор Кыргызстандын «РусГидронун» алдындагы карызын өз убагында төлөп бере албай калган.
2018-жылы ноябрда «РусГидро» компаниясы Кыргызстанды Гаага сотуна берип, бир айдан кийин өзүнүн «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтагы бардык үлүштөрүн 2,5 млн сомго сатаары тууралуу билдирген.
Бийлик азырынча Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууну уланта турган инвесторду таба элек.
«РусГидронун» директору Николай Шульгинов компания Нарындагы ГЭС долбооруна кайтып барбай турганын билдирген. Мунун себебин ошол учурдагы эсептер боюнча «өзүн-өзү актабайт» деп түшүндүргөн. Бирок инвестор табууга көмөктөшө турганын айткан.
ГЭС каскадын курууда чыккан чыр
«РусГидро» Кыргызстандан 37 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылганда, 2016-жылдын февралында парламенттин депутаттары курулуштун жүрүшү менен таанышууну чечишкен.
Курулуп аткан объекттерди көргөн эл өкүлдөрү аткарылган иштерге 37 млн доллар кеткенине ишенишпей, долбоордун реалдуу баасы кымбаттатылганы жөнүндө айтып чыгышкан.
«Клооптун» журналисттери «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКтын 29 тендердик документин изилдеп чыгып, Кыргызстан менен «РусГидронун» биргелешкен ишканасынын контракттары дайыма бир күндүк фирмаларга же «РусГидронун» туунду компанияларына өткөрүлүп берилип турганын аныкташкан.
Мисалы, ГЭСтерди куруу боюнча тендерлердин бирөөсүн Орусиянын «ЛенГидроСтрой» компаниясы жеңип алган — бул «РусГидронун» туунду ишканасы. Компания өз кызматы үчүн канча акча алгандыгын көрсөткөн так сан жок. Ар кандай баалар боюнча, «ЛенГидроСтройдун» тендерден тапкан кирешеси 117,6 миллиондон 669 млн сомду түзө алмак.