COVID-19: Pfizer жана BioNTech компаниялары чыгарган вакцина 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөттү

Америкалык Pfizer корпорациясы германиялык BioNTech компаниясы менен биргеликте коронавируска каршы чыгарган BNT162b2 вакцинанын үчүнчү этаптагы сыноосу 90 пайыз эффективдүүлүк көрсөттү.

Вакцинанын сыноого 43 538 киши катышканы кабарланууда — алардын жарымына вакцина, калган адамдарга плацебо берилген. Натыйжада сыноого катышып, вакцина алган 94 адам коронавирусту жуктурган. Калган катышуучулардын организми илдетке туруштук берди. Ошол эле учурда изилдөөлөр улана турганы маалымдалды.

Учурда компаниялар 2020-жылдын аягына чейин вакцинанын 50 миллион, ал эми 2021-жылы 1,3 млрд дозасын чыгармакчы.

Deutsche Welle басылмасы Еврокомиссия аталган вакцинанын 300 млн дозасын сатып алууга даяр экенин билдирди.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 50 млндон ашты — алардын 1 млндон ашууну каза болушкан. Ал эми Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 63 960ка жетти — анын ичинен 54 774 бейтап айыгып, 1 185 киши дүйнө салды.