«3%дык босого, 1 млн сомдук шайлоо күрөөсү, №2 форманы жоюу». Садыр Жапаров шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Садыр Жапаров

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров «Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөнүн аймагында №2 формасы жокко чыгарылды. Эми №2 форманы Кыргызстандан тышкары жашаган жана жүргөн шайлоочулар гана бере алышат.

*Шайлоочулар №2 форма аркылуу добуш берүү участогун алмаштыра алышкан. №2 форма жарандын каттоого турган жери боюнча эмес, ыңгайлуу жерден добуш берүүгө шарт түзүп бермек. Бирок кээ бир саясий партиялар №2 форма аркылуу добуш сатып алышып, өлкөнүн ар бир аймагынан керектүү добуш алуу үчүн өздөрүнүн шайлоочуларын жөнөтүшкөн.

Ошондой эле, парламенттик шайлоого катышуу үчүн шайлоо күрөөсү төмөндөтүлдү — эми саясий партиялар 5 млн сомдун ордуна 1 млн сом төлөйт. Ал эми парламенттик же президенттик шайлоодо 1 пайыздан кем эмес добуш алган талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет — мурда бул үчүн шайлоочулардын 5 пайыз добушун алуу керек болчу.

Өзгөртүүнүн акыркы пункту шайлоо босогосу — эми саясий партиялар Жогорку Кеңешке өтүү үчүн шайлоочулардын 3 пайыз добушун алуусу керек. Мурдагы мыйзамга ылайык, партиялар 7 пайыздан кем эмес добуш алуусу керек болчу.

*Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке болгону төрт партия өткөн: «Биримдик» (24,90%), «Мекеним Кыргызстан» (24,27%), «Кыргызстан» (8,90) жана «Бүтүн Кыргызстан» (7,25). Эгерде ошол учурда шайлоо босогосу 3%ды түзгөндө Жогорку Кеңешке дагы беш партия өтмөк: «Мекенчил» (6,96%), «Республика» (5,89%), «Ата Мекен» (4,10%), «Ыйман Нуру» (3,41%) жана «Бир Бол» (3,08%).