«Ажыдаар болуп кетпейм». Садыр Жапаров маалымат жыйынында эмнелерди айтты?

Коомдук телерадиокорпорациянын имаратында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун алгачкы басма сөз жыйыны аяктады. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буга чейин эле айтып келгендерин кайталады.

Коомдук пикирге басым кылуу

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Жапаров бийлик жарандарды пост жана мемдер үчүн куугунтуктабайт деп ишендирип, мурда өзү да саясий куугунтукка кабылганын белгиледи.

Анын айтымында, журналисттерге карата кысым жана коркутуулар токтойт, бирок журналисттер дагы өз кезегинде «жоопкерчиликти алып, маалымат менен манипуляция кылбашы керек».

«Эшигим дайыма ачык, өз оюмду туура түшүндүрүп беришим үчүн телефон боюнча да суроолоруна жооп берүүгө даярмын», — деди ал.

Конституциялык реформа

Президенттин милдетин аткаруучуга даярдалып жаткан конституциялык реформанын долбоору тууралуу бир нече суроо берилди. Жапаров кайрадан эле бул элдин талабы экенин айтып, долбоор даярдалууда деп кайталады.

Анын айтымында, долбоор 10 күн ичинде парламентке сунушталат, андан соң талкууланып жана аягына чыгарылат. Бир мандаттуу шайлоо өткөрүү талабын дагы Жапаров элдин демилгеси деп атады.

«Клооптун» журналисти Жапаровдон эмнеге ал конституциялык реформаны демилгелегенин, анткени мыйзам боюнча аны парламент же жарандар гана демилгелей алат деп сурады.

Жапаров суроого түз жооп бербей, Конституциянын долбоору парламентке сунушталат, андан соң бардыгы, анын ичинде журналисттер талкууга катыша алат деп жооп узатты.

Президент болуу мүмкүнчүлүгү

Басма сөз жыйындын жүрүшүндө Жапаровго президенттик менен катар премьер-министрлик кызматты да өткөрүп береби же жокпу деген суроо берилди. Суроо узаткан журналист, азыркы тапта айрым саясатчылар Кремлдин колдоосуна ээ болууга аракет кылып жатканын белгилеп, эгерде кандайдыр бир бүлүк салуу аракеттери болсо, Жапаров лидер катары жоопкерчиликти алар-албасын сурады.

«Президенттин ыйгарым укуктары спикерге өтөт, ал эми премьер-министрдин ыйгарым укуктары токтотулуп, убактылуу вице-премьер-министрге өтөт. Кандайдыр бир диверсия болуп кетсе, чараларды көрөбүз, бирок союздук мамлекеттер мындайга барбайт деп ишенем», — деп жооп берди Жапаров.

Ага президенттик шайлоодо утпай калса, тарапташтары кайрадан митинг кылбайбы деген суроо да узатылды.

«Шайлоодон жеңилип калсам, менин тарапташтарым көчөгө чыкпайт. Административдик ресурс колдонулса, сатып алуулар болсо бизге жазыңыздар. Чара көрөлү. Таза шайлоо боюнча блокчейн системасын киргизгени жатабыз. Бул жерде жасалмалоо, бурмалоо болбойт. Тышта жүргөндөр да добуш бере алат», — деди ал.