Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 527 учуру катталды — жалпы 64 887 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 12-ноябрда Кыргызстанда коронавирустун жаңы 527 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында төрт медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 108 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусу — 105 (бир медкызматкер);

Чүй облусу — 97;

Ысык-Көл облусу — 59;

Ош шаары — 51;

Баткен облусу — 49 (бир медкызматкер);

Ош облусу — 36;

Талас облусу — 15;

Нарын облусу — 7.

Ошондой эле акыркы суткада коронавирустан 518 бейтап айыкты — алардын арасында жети медкызматкер бар. Мындан сырткары ооруну жуктурган беш киши көз жумду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 108. Ошондой эле Баткен облусунда — 104, Бишкек шаарында — 95, Ош облусунда — 69, Ысык-Көл облусунда — 59, Чүй облусунда — 38, Талас облусунда — 21, Ош шаарында — 20 жана Нарын облусунда төрт бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 64 887 жетти. Анын ичинен 55 824 бейтап айыгып, 1 193 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө илдеттен 3 347 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 158 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 850 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.