Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрда басма сөз жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйында «Акчабар» басылмасынын журналисти премьер-министрден анын эжеси Райкүл Жапарова тууралуу суроо узатты.
Мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 2013-жылы «Ысык-Көл инвест банкта» консерватор болуп иштегеп, «Азия универсал банк» жана «Манас банк» менен бирге жасалган мыйзамсыз операцияларын көргөндүгүн айткан болчу. Асрандиев бул операциялар Райкүл Жапарова «Ысык-Көл инвест банктын» төрайымы болуп турган учурда жасалганын белгилеген.
Ал эми Жапарова Асрандиев айтып жаткан мыйзамсыз операциялар тууралуу документтер менен далидеп берүүнү талап кылган.
«Эркин Асрандиевдин жазган сөзүн окудум. Эжем [Райкүл Жапарова] боюнча жазган экен “банкты жетектеп, акчаларды чыгарып кеткен” деп. Бул өзү толук маалыматы жок, ошол убакытта мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Менин эжекем боюнча мунун бардыгы “саясий заказ” болгон. Бул кылмыш иши жашыруун да эмес, кылмыш иши буюртма менен ачылган. Барып, таанышып көрсөңүздөр болот», — деди Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров бийлик 2013-жылы анын эжесин тергөө изоляторуна киргизип, «соодалашууга аракет жасаганын» билдирди. Ал учурда Жапаров өзү да ТИЗОдо болчу.
«Бир тууган эжемди ТИЗО-1ге киргизип койду. Анын эч кандай күнөөсү жок, колу да жок кагазда. Камагандан кийин мен отурган ТИЗОго бийлик кишилерин жиберди “Болду, позициясынан кайтсын биз эртең сени чыгарабыз, бир тууган эжең да чыгат. Шарт түзүп берели, жолугуп сүйлөш” деген. Мен болбой койдум. Ошентип эжем 21 күн ТИЗО-1де жатты. Андан кийин аны камаган сот кайра өзү чыгарып койду», — деди Жапаров.
Райкүл Жапарова Бакиевдердин учурунда «Ысык-Көл инвест банк» банкынын төрайымы болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, аталган банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев мекеменин мурдагы төрагасы Болот Байкожоевден рейдерлик жол менен тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны басып алгандан кийин аркалай баштаган.
2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Райкүл Жапарова «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, 2015-жылы мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Жапарова үй-бүлөсү менен Польша чыгып, саясий башпаанек алган.
Башкы прокуратура үстүбүздөгү жылдын июль айында Польшанын бийлигинен Жапарованы экстрадициялоону суранган. Бирок анын жыйынтыгы дагы деле чыга элек.