Райкүл Жапарова Асрандиевден банктагы мыйзамсыз операциялар тууралуу документтерди талап кылды

Эркин Асрандиев жана Райкүл Жапарова

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова 26-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге кайрылуу жасады. Асрандиев мындан эки күн мурда Жапарова «Ысык-Көл инвест банкта» төрайым болуп турган убакта мыйзамсыз операциялар жасалгандыгы тууралуу билдирген.

Жапарова Асрандиев айтып жаткан мыйзамсыз операциялар тууралуу документтер менен далидеп берүүнү талап кылды. Ошондой эле, ал экс-вице-премьер-министрден бул маселени эмне үчүн жети жылдан соң көтөрүп жаткандыгы тууралуу сураган.

«Максим Бакиев жана анын жакындары менен мыйзамсыз операцияларды жасаганын көрдүм деп жатасыз. Мен сизден талап кылам, мен кандай мыйзамсыз операцияларды, качан жана ким менен жасаптырмын? Документтердин негизинде тактап берсеңиз», — деп кайрылган Жапарова.

Мындан сырткары, ал Садыр Жапаровдун банктын иши тууралуу кабары болбогонун белгилеп, «Банктын купуялуулугу дегенди жакшылап окуп алыңыз» деп айткан.

«Эмненин негизинде Садыр Жапаров билиши керек? Банктагы жасалган иштер банктын кардарынан бөлөк адамга эч качан берилбейт», — деген Жапарова.

Ошондой эле, Жапарова бүгүнкү күнгө чейин «Ысык-Көл инвест банкта» акционер экендигин билдирип, акционер катары Асрандиевден консерваторлук иши тууралуу эсеп-кысап талап кылган.

«Сиз 2008-жылдан 2016-жылга чейин банк системасында иштеген экенсиз. 2013-жылы консерватор болуп барып эмне иш кылдыңыз? Канча маяна алып иштедиңиз? Өзүңүздүн ары-бери жүргөнүңүзгө жана акционерлердин канча акчасын сарптадыңыз?» — деп суроо салган Жапарова.

Асрандиевдин билдирүүсү

Буга чейин Асрандиев 2013-жылы ал «Ысык-Көл инвест банкта» консерватор болуп иштегенде «Азия универсал банк» жана «Манас банк» менен бирге жасалган мыйзамсыз операцияларын көргөндүгүн айткан болчу. Ал эми бул операциялар Райкүл Жапарова төрайым болуп турган учурда жасалганын белгилеген.

Мындан сырткары, бул операцияларга Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын тиешеси болгон деп эсептеген. Ошондой эле, Асрандиев Жапарованын иштери тууралуу Садыр Жапаровдун кабары бар деген пикирде. Анткени Жапаров ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп турган.

Ал эми Райкүл Жапарова «Ысык-Көл инвест банк» банкынын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен кайрылгандан кийин Польшага башпаанек сурап чыгып кеткен. Ал 22-майда кармалганы маалымадалган. Бирок кийинчерек Жапарова сурак берип гана чыкканын айткан.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган.

ИИМ Жапарованы учурда Башкы прокуратура тарабынан Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Ал эми эл аралык издөөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланган.

Учурда Жапарованын үй-бүлөсүнө саясий башпаанек берилип, Женеванын паспорту дагы ыйгарылган. Ал ага тагылган айыпты «Ак үйдүн буйругу» деп атаган.

Тема боюнча:

Асрандиев: «Ысык-Көл» банкынын мыйзамсыз операциялары Жапарованын башкаруусу астында ишке ашкан