Башкы прокурор экс-министр Жунушалиевди, Опумбаевди эмне күтүп турганын айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 4-ноябрда басма сөз жыйын куруп, көзөмөл орган тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кабарлады.

Зулушев жыйындын башында Башкы прокуратура мындан ары «саясий куугунтук менен алектенбейт» деп ишендирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары «коррупцияга каршы аёосуз күрөш» жүргүзөт.

Ошондой эле, ал мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди экстрадициялоо боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Экономикалык мунапыс жөнүндө

Курманкул Зулушев буга чейин президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык мунапыстын алкагында төрт киши мамлекетке 382 миллион 533 миң сом кайтарганын билдирди.

Аталган мунапыс экономикалык кылмыштарга шектелген жарандарга алар келтирген зыянды ордуна келтирип, аларды кечирүүгө жол берет. Бирок Жапаровдун экономикалык мунапысы канчалык деңгээлде мыйзамга жооп берери күмөн жаратат.

«Азыркы бир айлык санкция боюнча 382 млн 533 миң сом өндүрүлдү. Бул боюнча мен жалпы айтканым… кылмыш иштери боюнча мен сиздерге айтып берейин, төрт кылмыш иши боюнча бул суммалар өндүрүлгөн. Биринчи кылмыш иши боюнча 5 млн 340 миң, экинчи кылмыш иши бажыга байланыштуу 371 млн. Андайн кийин 1 млн 354 миң жана 450 миң сом. Бул төрт кылмыш иши боюнча», — деди Зулушев.

Райымбек Матраимов

Башкы прокурор «бажыга байланыштуу» өндүрүлгөн 371 миллион сом бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштуу болуусу ыктымал. УКМК бажыдагы Матраимовго байланыштуу коррупциялык схемаларды аныктап, аны кармаган. Кийинчерээк ал мамлекетке келтирген 2 млрд сомдук зыянды ноябрдын акырына чейин төлөп берүүгө макул болуп, эч жакка чыкпоо шартында коё берилген.

«Асылбек Жээнбековго иш козголгон эмес, Абылгазиевге айыбы угузула элек»

Мухаммедкалый Абылгазиев / Асылбек Жээнбеков

Зулушев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековго карата кылмыш иши катталган эместигин билдирди.

Буга чейин 6-октябрда «Чоң Казат» партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев өзүн Башкы прокурордун милдетини аткаруучу катары жарыялап, Асылбек Жээнбеков, Райымбек Матраимов жана экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевге карата кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Учурда Жапыкеев Каржы полициясын жетектейт.

«Мурунку президенттин иниси Асылбек Жээнбеков боюнча кылмыш иши катталган жок. Андай маалымат катталган эмес. [Сыймык] Жапыкеевдин кайрылганы боюнча билбейт экенмин, сурасаңыздар болот да, бүгүн ал кызматтагы киши», — деди Зулушев.

Ошол эле учурда Башкы прокурор мурдагы премьер-министр Абылгазиев менен байланышы бар делген «радиожыштыктарды мыйзамсыз сатуу» иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирди. Абылгазиев бул иштин айынан кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

«Пандемия боюнча беш-алты кылмыш иши козголгон, бирок [Мухаммедкалый] Абылгазиевдин үстүнөн жыштыктар боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергелүүдө. Бирок Абылгазиевдин үстүнөн бүгүнкү күндө айып угуза элек. Анын кандайдыр бир ишке тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматты… чындыгында мен келгениме он күн болду, мен ала элекмин. Сөзсүз түрдө Абылгазиев боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп, маалымат алам. Абылгазиев пандемия убагында… эки премьер-министрдин эгер күнөөсү болсо жазасын алыш керек. Анткени ушул окуяга жеткиргени боюнча булардын кандайдыр бир таасири бар да», — деп билдирди Башкы прокурор.

Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованы Польшадан экстрадициялоо

Башкы прокурор учурдагы президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованы Польшадан экстрадициялоо боюнча иш токтоп турганын билдирди.

Райкүл Жапарова / Максим Бакиев

*Райкүл Жапарова «Ысык-Көл инвест банк» банкынын төрайымы болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, аталган банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Райкүл Жапарова «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, 2015-жылы мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Жапарова үй-бүлөсү менен Польшада жашап жүрөт.

«Райкүл Жапарованы экстрадициялоо маселеси боюнча Польша Республикасында жайгашкан Интерпол улуттук борбор бюросунун маалыматына ылайык, “2020-жылдын 20-майында мамлекет аралык издөөдө жүргөн Жапарова Райкүл Нуркожоевна Польша республикасында кармалган. [...] Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2020-жылдын 25-июлунда Польша республикасынын Адилет министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу аны өткөрүп берүү тууралуу суроо-талап жөнөтүлгөн. Азыркы тапта жооп күтүлүүдө”», — деп билдирди Зулушев.

«Өзгөндүн акими менин “өкүл балам” эмес»

Курманкул Зулушев Ош облусундагы Өзгөн районунун жаңы дайындалган акими Руслан Мейматкулов анын «өкүл баласы» эмес экенин айтты.

«Руслан Мейматкулов менин өкүл балам эмес. Ал өзү дагы бул боюнча кечээ билдириптир», — деди Башкы прокурор.

Буга чейин 3-ноябрда Өзгөн районунун тургуну президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго «жаңы аким Зулушевдин өкүл баласы» болгонуна даттанган.

Жапаров болсо «чаң-тополоңдо кээ бирлери туугандарын, тааныштарын “түртүп” жибергени» мүмкүн экенин айткан. Ошол эле учурда премьер-министр жаңы дайындалган кадрлар убактылуу экенин белгилеген.

Кийинчерээк Мейматкулов өзү дагы бул маалыматты төгүндөгөн.

«Сапар Исаковго издөө жарыяланды»

Албек Ибраимов / Сапар Исаков

Өлкөдө 5-октябрда болгон массалык толкундоолор учурунда бир катар «саясий туткун» делген мурдагы аткаминерлер бошотулган — алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да болгон. Исаков өзү «жети күнгө чыгарылганын кабарлаган», бирок ал мөөнөт бүткөндөн кийин абакка кайткан эмес.

«Сапар Исаков боюнча өзүңүздөргө маалым. 5-октябрдан кийин ошол убактагы абалга карата камактан бошотулган… Кайра жети күндөн кийин Исаков Сапар Жумакадырович [абакка] кайткан эмес. Бүгүнкү күндө издөө жарыяланып, анын аракети КЖБРга катталган… Жүргөн жери бизге белгисиз», — деди Зулушев.

Исаковдон сырткары Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго да издөө жарыяланган. Аларга карата «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштериндеги коррупцияга тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

Айрым ЖМКлар Исаков Франциядан саясий башпаанек сураганын кабарлашкан. Анын жактоочусу Замир Жоошев бул тууралуу кабары жоктугун билдирген.

Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

«Жунушалиев менен Опумбаевдин аракеттерине юридикалык баа берилет»

Орозбек Опумбаев / Кашкар Жунушалиев

Башкы прокурор Зулушев мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев изделип жатканын кабарлады. Мурдагы аткаминерлер 5-октябрдагы окуялардан кийин дайынсыз болуп кетишкен.

«ИИМдин башчысы [Кашкар Жунушалиевдин] жана УКМКнын төрагасы [Орозбек Опумбаев] каерде экенин бүгүнкү күнгө чейин органдар билбей жатат. Ушул 5-октябра болгон тополоң боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергелүүдө. Ошонун алкагында тиешелүү жетекчилердин жашаган жери, менин маалыматым боюнча тергөөчүлөргө белгисиз болууда… Кылмыш иши жалпы козголгон, анын алкагында тергелип жатат. Эгерде тергөө убагында алардын аракетинде кызматын таштап кетүү жана башка белгилер болсо, сөзсүз түрдө өзүнчө катталып иш козголот», — деди Зулушев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков аталган эки жетекчини 9-октябрда кызматтан бошоткон.