Пара алды деп кармалган Чүйдүн прокурорлору Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт

«Пара алууга» шектелип кармалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары Башкы прокуратуранын улук прокурорунун өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирген.

Пара алууга шектелип кармалган прокурорлордун баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 13-ноябрда каралган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандыруу менен кармалгандарды эки айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Прокурор Стакеев жана анын орун басары 12-ноябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кармалгандар тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алуу үчүн акча талап кылып жүргөндүгү боюнча УКМКга маалымат келип түшкөн.

Аталган фактыны Коррупцияга каршы кызматы «Пара алуу» беренеси менен тергөөдө.

Буга чейин Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев «Пара алууга» шектелип кармалган. Кармалган адам ИИМдин патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка орноштуруу маселесин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди кызматынан жогорулатуу үчүн такай акча алып турган.

Тема боюнча:

УКМК: Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алууга шектелип кармалды