УКМК: ЖКККББнын башчысынын орун басары «пара алууга» шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары «Пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 28-октябрда маалымадады.

«Кармалган адам ИИМдин патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлердин жумушка орноштуруу маселесин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди кызматынан жогорулатуу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турган», — деп жазылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, пресс-релизде кармалган кишинин аты-жөнү «С.Н.Р.» деп маалымдалат. Бул инициал ЖКККББнын башчысынын орун басары Сатыбалдиев Нур Рыскановичке туура келет.

УКМК аталган коррупциялык схема Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталганын кабарлады. Шектүү УКМКнын тергөө изоляторунан убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин 17-октябрда УКМК Бишкек Жылуулук электр борборунда коррупциялык схема аныкталганын маалымдаган. Бишкек ЖЭБдин жооптуу кызматкерлери лабораториядан көмүрдүн сапатына карата оң чечимин чыгаруу үчүн көмүр казуучу компаниялардын жеке ишкердик субъекттери менен алдын-ала макулдашып, акча каражаттарын ыйгарып алып турушканы айьылган.

Аталган факт боюнча «Коммерциялык паралап сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.