УКМК: Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алууга шектелип кармалды

Иллюстративдик сүрөт

12-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Азаттык» басылмасы кабарлагандай, УКМКга Аламүдүн райондук прокуратурасындагы «системалуу коррупция» тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Кармалгандар тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алуу үчүн акча талап кылып жүргөндүгү белгилүү болгон», — деп маалымадады басылма.

Аталган фактыны Коррупцияга каршы кызматы «Пара алуу» беренеси менен тергеп жатат.

Буга чейин мындан бир күн мурун УКМК жергиликтүү тургундан пара талап кылган Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин кармаган. Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1000 доллар талап кылгандыгы аныкталган.

Шектүү жабырлануучудан 30 миң сом алып жаткан жеринен УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан колго түшкөн. Аталган факт боюнча «Опузалап пара алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.