Журналист Эрулан Кокулов үч ай маяна албай Бишкектин санэпидборборун жетектөөгө даяр

Сүрөт: Sputnik.kg

«Не Сахар» көрсөтүүсүнүн автору, журналист Эрулан Кокулов Бишкектин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборун үч ай жетектеп, мекеме кандай иштеши керектигин иш жүзүндө көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Ал бул мөөнөт ичинде айлык албай иштөөгө даяр экенин белгилеген. Ошондой эле, бул мөөнөт аяктагандан кийин креслого жармашып калып калбай турганын билдирди.

«Мага айлыктын дагы кереги жок, үч айдан ашык отурайын деген да оюм жок. 3 айда мен санэпидкөзөмөлдү оңдосо болоруна ишенем… Үч айдын ичинде силердин жумушуңарды оңдоп берем, санэпидкөзөмөл кандай иштеши керектигин көрөсүңөр», — деди ал.

Кокуловдун мындай кадамга баруусуна ал даярдаган «Не сахар» берүүсүнө кайрылгандар аябай көп болуп жатканы менен түшүндүрдү. Себеби, товар сатып алып жатканда алданып, же ден соолугуна зыян келген кардарлар санэпид көзөмөл борборуна кайрылбастан, ага кайрылышат. Андан сырткары санэпидкөзөмөл борбору 1990-жылдары эле түзүлгөнүнө карабай, алар эмне иш кыларын билбеген тургундар аябай көп экенин билдирди.

«Санэпидкөзөмөл 1993-1994-жылдары эле түзүлгөн. “Не сахар” берүүсү 2018-жылдан бери чыгат. Мен дүкөндөргө киргенде оозум ачылып калган. Себеби, бул мекеме [санэпидкөзөмөл] буга чейин бир дагы жолу иштеген эмес окшойт. Анткени сатып алуучулар эмес, дүкөндүн менеджерлери товардын чыгарылган күнү деген эмне экенин, анотация деген нерселерди билбейт», — деди ал.

Журналист Бишкектин санэпидкөзөмөл борбору өзүнүн ишин так аткарбагандыктан айрым ири дүкөндөр аларды тоготпой, билгенин кылып жатканына токтолду. Мисал катары ал жарактуу мөөнөтү эки жыл мурун эле өтүп кеткен чипсыларды саткан дүкөндү аныктаганын, бирок бир күндөн кийин эле алар чипсыларга жаңы жарактуу мөөнөттү чаптап сатып баштаганын айтты.

«Алар [ири соода түйүндөрүнүн ээлери] силерден коркпойт. Силердин чоңуңар ким экенин, санэпидкөзөмөл өзү кайда экенин эч ким билбейт… Силер барсыңарбы, иштейсиңерби, же ушинтип жашынып жүрө бересиңерби?», — деп ал суроо салган.

Кокулов өз кайрылуусунда Бишкектин санэпидкөзөмөл борбору мектептер менен бала бакчаларды качан ачса болорун күн мурунтан болжолдоп, бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга так маалымат берип турушу керектигин айтат. Себеби, дал ушул орган абалды башкаларга караганда ичинен биле турганын белгиледи.

Андан сырткары санэпидкөзөмөл борборунун шалаакылыгынан Бишкектеги кинотеатрлар иштебей жатканына токтолду. Кокуловдун айтымында, эгер санэпидборбор кинотеатрдын ээлери менен сүйлөшүп, анын ичиндеги санитардык нормалар менен социалдык аралыкты аныктап берсе болмок.

«Кино театрларды базарларды ачканга караганда оңой, аларга келип, “бул креслолорду алып кой, мынчасы калсын” десеңер болот. Ал эми кафе ресторандарды жапканыңыр жөн эле нерсе. Алар ичинен кулпулап алып, ары жактан иштеп жатат. Эмнеге? Анткени силерде көзөмөл жок», — деди ал.

Кокулов өз сөзүндө дал ушул санэпидкөзөмөл борбору пандемия маалында бизнести кандай кылуу керектигин айтып, элге шартты түзүп бериши керектигин кошумчалады.

Эрулан Кокуловдун «Не сахар» берүүсү борбор калаадагы ири соода борборлору менен тез татым жайларынын санитардык абалын чагылдырып берет. Анда журналист тигил же бул товар кандай сакталып жатканын, имараттын ичинин тазалыгы тууралуу баяндап, көрсөтөт.