Президенттикке талапкер, экс-депутат жана режиссёр Садык Шер-Нияз дагы 17-ноябрда коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбооруна байланыштуу нааразылыгын айтып чыкты. Ал «бийлик диктатурасы менен тоталитаризмди орнотууга аракет кылып жаткан» адамдын фантазиясы кайда алып бараарына таң калууда.
«Эгер Конституциянын бул варианты кабыл алына турган болсо, өлкө эч кылчайбай тоталитаризмге карай жол алат. Конституциянын жаңы долбоору — бул эки президенттик мөөнөт, Жогорку Кеңешке үстөмдүк кылат делген“элдик курултай”, бийликти кайталаган атайын түзүлгөн механизмдер, андан тышкары, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын колго алуу аракети. Мунун бардыгы — падышалык жеке башкарууга карай жол», — деп эсептейт саясатчы.
Анын пикиринде, эгерде кыргызстандыктар референдумда ушул жаңы мыйзамдын редакциясын кабыл алса, өлкөнү «автократ» башкарат жана бул Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүдөгү «артка кетүү» болот.
«Мен айран таң калдым, депутаттар кантип ушул долбоорго макул деп кол коюшту? Президент мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин толугу менен өзүнө каратып жатат. Мен айтарга сөз таппай жатам!» — деп ачууланды «Ата Мекен» партиясынын экс-депутаты.
Мындан тышкары, Шер-Нияз өз трансляциясында айрым депутаттардын Конституциянын долбоорун таанышпастан эле кол коюп берүүгө сураныч түшүп жатат деп айткандарына ишенгенин билдирди. Анын айтымында, жаңы Конституцияда ишмердиги бири-бирине каршы келген түзүмдөр жазылган.
«Мисалы, элдик курултай жөнүндө. Эгерде, конституцияда жазылгандай Жогорку Кеңешти эл шайласа, анын үстүнөн эмне үчүн дагы бир орган карашы керек? Эмне үчүн парламент дагы кимдир бирөөнүн алдында жооп бериши керек? Элдик курултай кандай система, кандай принцип менен жыйналат? Эгерде Курултайга Жогорку Кеңеш отчёт бере турган болсо, отчйту жакпай калса эмне болот? Кандай чара көрүлөт? Беш жылга шайланган парламенттин үстүнөн дагы кандай орган көзөмөл кыла алат?» — деп суроо салат экс-депутат.
Анын пикиринде, бул ченемдер «Түркмөнстандын Конституциясын ашып түшкөн», андан тышкары, бул Ала-Тоо аянтында өлкө келечеги үчүн кан төккөн «90 жигиттин өлүмүн жок кылуу».
Ошол эле учурда саясатчы бул түзөтүүлөргө каршы жарандык коомдун өкүлдөрү гана эмес, мыйзам долбооруна кол койгон депутаттар да каршы чыга алат деп ойлойт.
«Ошого кол койгон депутаттар өздөрүнүн “чимкирик” экенин далилдеди. Башка эмне деп айтса болот? Ошол жерде кол атканда, сен депутатсың, карап турасың, тоталитаризмдин, диктатуранын бардык системасын, эң мыкты үлгүлөрүн алып келип коюшуптур ошол Конституциянын ичине», — деп эсептейт Шер-Нияз.
Экс-депутат Конституцияны өзгөртүүгө каршы прогрессивдүү адамдар барат, «эми эл ойгонот» деп эсептейт. Мыйзам долбоору жарыяланганга чейин эле Шер-Нияз октябрдагы окуялардан эйфория болгону үчүн жана Жапаровдун харизмасы үчүн гана кыргызстандыктар президенттик башкаруу формасын колдоп жатышканын айткан.
Бирок ал жарым жыл аралыгында «туман тарайт», ал эми эл азыркы бийликке каршы кайра көтөрүлүшү мүмкүн деп болжойт. Ошондуктан Шер-Нияз Садыр Жапаровду кыргыздарды жалгыз бир ханга баш ийдирбей, бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен чеилген тарыхый парламентаризмди колдоого чакырган.
Конституциянын жаңы долбоору
Конституцияга түзөтүү киргизүүнү 80 депутат демилгеледи. Алардын көпчүлүгү жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында барган.
Бирок бир нече депутат аны жазууга тиешеси жок экенин айтып чыкты. Мисалы, депутат Эмил Токтошев видео кайрылуу жасап, ал долбоордун «автору» экенин соцтармактардан билгенин айтты.
Депутат Дастан Бекешев болсо мыйзам долбоорун качкын президент Курманбек Бакиевдин юристи жазгандыктан, аны «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель окуясы үчүн өч алуусу» деп атады.
Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында, кезексиз президенттик шайлоо менен бир убакта өткөрүү пландалууда. Бирок, мурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айткан.
Садыр Жапаров баш мыйзамдын реформасы тууралуу билдиргенден бери Конституциянын жаңы долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган, ошондо да кампания долбоор жарыялана электе эле башталган. Аны саясатчылар, саясат таануучулар жан башка адамдар сүрөмөлөшкөн. Ал эми юристтер сынга алышкан.
Жапаров алгач ирет Конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каалай турганын айтып бергенден тартып эле, юристтер бул түзөтүү эмес, Конституцияны алмаштыруу деп аташкан. Ошондой эле, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.