«Медиа Полиси Институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелегендердин аракетине баасын берди. Ал мыйзамдарга таянып 10-январда референдум өткөрүү мыйзамды одоно бузуу болуп, ал эми Конституциялык кеңешменин жоктугу бийликке болгон ишенимди жоготот деп билдирди.
Эмне болгон референдум?
Жогорку Кеңештин сайтында Конституциянын жаңы долбоору жарыяланган. Анда бул Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү керек деп жазылган. Ушул эле күнгө президенттик шайлоо да дайындалган.
Эмне үчүн бул күн мыйзам талабына ылайык келбейт?
Үсөнованын айтымында, бул күн мыйзам талабына туура келбейт. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору жарык көргөн убак, 17-ноябрдан тарта бир айдын ичинде коомдук угуулар өтүшү керек, тактап айтканда, 17-декабрга чейин. Ошондон кийин гана, мыйзам боюнча, парламентарийлер референдум өткөрүү күнүн талкуулай алышат.
«Мыйзамга ылайык, референдум дайындоо тууралуу мыйзамды кабыл алууга 1 ай убакыт берилет — мыйзам катталган учурдан тарта, бир айдан эрте эмес жана 3 айдан кеч эмес убакытта кабыл алынат. 17-декабрь + 1 ай = 17-январь, бирок 10-январь эмес. Ошондуктан, 17-январга чейин референдум өткөрүү одоно процессуалдык мыйзам бузуу болуп саналат», — деп эсептейт Үсөнова.
Коомдук талкуудагы долбоорду түзөтсө болобу?
Үсөнова коомдук талкуудан кийин эл өкүлдөрү алымча-кошумчаларды эске алып, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизиши керек деп эсептейт. Бирок аны кылууга мүмкүн эмес — мыйзам боюнча референдум дайындалып калгандан кийин Конституциянын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.
«Өзгөртүүлөрдү ким жана качан киргизет деген суроо туулат. Анткени, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн тизмеси эмдигиче жок. Демек, мыйзам долбоору азыр коомдук талкууда, бирок техникалык жактан ага өзгөртүү киргизе турган эч ким жок», — деп жазды укук коргоочу.
Анын айтымында, укук коргоочулар менен юристтерге парламентте Конституциялык кеңешме чакырылат деп убада кылынган, бирок ошол бойдон ал күн келген эмес.
«Конституциялык кеңешменин курамына кире турган адамдардын ысымдары эч кимге белгилүү эмес. Болбосо бул оюнчук эмес да. Конституциялык кеңешменин чакырылышы расмий документтерди жарыялоо аркылуу өтүшү керек — мындай ченемдик укук актысына ылайык мындай адамдардын тизмеси, мындай өкүлдөр чакырылды, алар долбоорду коомдук талкуунун алкагында түшкөн сунуштар менен сын-пикирлерге ылайык иштеп чыгышат деген сыяктуу. Бул маалымат баарына жеткиликтүү болушу үчүн, ким эмне кылганын билиш үчүн жасалат», — деди ал.
Үсөнова долбоордун авторлору мыйзамды сакташпаганы күмөн саноону жана ишенбөөчүлүктү жаратат дейт.
«Демилгечилер Конституцияны реалдуу талкуусуз жана ар башка социалдык топтун өкүлдөрүнүн сунуштамалары жок кабыл алгылары келип жаткандай туюлат. Ал эми бул болсо элдин бир гана ушул референдумга гана эмес, бул Конституцияга да ишенбей калышына алып келет. Ишеним жок болсо эч бир легитимдүүлүк жөнүндө сөз кылбай деле койсо болот», — дейт Үсөнова.
Конституциянын жаңы долбоору эмнелерди сунуштайт?
Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 80 депутат демилгеледи — алардын ичинен көбү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялары менен жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан. 17-ноябрда ал коомдук талкуу үчүн парламенттин сайтына жайгаштырылган.
Ошол эле түнү, Конституциянын жаңы долбоору жарыяланганда, юристтер, айрым депутаттар жана социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан түзөтүүлөрдү сындаган пикирлер жамгырдай жаай баштаган.
Юрист Сания Токтогазиева жаңы Конституцияга каршы пикирин билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам Кыргызстанды авторитаризмге алып келет.
Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген.
Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.
Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат.
Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.
Социалдык тармактарда баш мыйзымдын бул долбоору «Ханституция» деген атка конгон.
«Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт депутат Дастан Бекешев.
Долбоордун авторлугунда көрсөтүлгөн айрым депутаттар документке кол коюшпаганын же аны көрбөгөнүн айтып чыгышты. Ал эми Өмүрбек Текебаев бул Конституцияга өзгөртүү киргизүү эмес, жаңы Конституция экенин айтып, депутаттардын аны кабыл алууга демилгелегенге ыйгарымдары жок деп билдирди.