Жогорку Кеңештин сайтында 17-ноябрда парламенттин 80 депутаты демилгелеген Конституциянын жаңы долбоору жарыяланган. Эртеси эле күнү айрым эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбооруна кол коюшпаганын, демилгечи топко кирбегенин, ал тургай окушпаганын билдирип чыгышкан.
Депутат Айгерим Бешимбаева Sputnik басылмасына курган маегинде Конституциянын жаңы долбооруна кол койбогонун айткан. Ошондой эле, ал демилгечилер сунуштаган түзөтүүлөргө да каршы экендигин кошумчалады. Бешимбаеванын фамилиясы мыйзам долбоорун демилгелеген 80 депутаттын арасында болгон.
«Мен Конституциянын жаңы долбоорун демилгелеген эмесмин. Комментарий дагы бергим келбейт. Мен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен макул эмесмин жана кол дагы койгон эмесмин», — деп билдирди Бешимбаева.
Мыйзамга түзөтүү киргизген депутаттардын тизмесиндеги депутат Иса Өмүркулов дагы Конституциянын жаңы долбоорун көргөн эместигин билдирди. Анын айтымында, ал парламент депутаттары сунуштаган 2021-жылдын 10-январында референдум өткөрүү сунушуна гана кол койгон.
«Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституциянын жаңы долбоорун көргөн да, окуган да жокмун. Албетте, эми долбоорду окуп чыгам», — деди Өмүркулов.
Ошондой эле Өмүркулов Конституциянын жаңы текстинин автору ким экенин билбесин кошумчалады.
Дагы кайсыл депутаттар долбоор менен таанышкан эмес?
Буга чейин парламент депутаты Эмил Токтошев видеокайрылуу жарыялап, Конституцияга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койбогондугун айтып чыккан. Анын айтымында, ал баш мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири экендигин социалдык тармактардан билген.
«Мурда күнү, Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге тобуна кол топтоп жатканын билдиришти. Мен парламентаризмди жактоочу катары, ушул процесске катышуу ниетинде кол коюп бергем. Бирок, кечээ, Жогорку Кеңеште ушул топтун мүчөлөрүнөн долбоорду сураганымда, мага даяр долбоорду көрсөтүштү. Мен дароо эле макул эместигимди айттым. Бул сөзүмдү ошол жерде турган депутаттар дагы тастыктайт. Мен ар дайым парламентаризмди жактап келгем жана ушул позициямда турам», — деп билдирген депутат.
Дагы бир депутат Каныбек Иманалиев Конституция жазууга катышпаганын айтып чыккан. Бирок Иманалиев демилгечил топтун тизмесинде болгон эмес. Болжолу, депутат партиялашы Токтошевди колдоп коюуну чечкен көрүнөт.
«Мен, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев бул Конституциянын долбоорун жазууга катышкан эмеспиз. Келечек коркунучта, бирге күрөшөлүк», — деп жазган Иманалиев.
Демилгечи топтун тизмесиндеги дагы бир депутат Пархат Тулендыбаев 24.kg агенттигине берген интервьюсунда, баш мыйзамга түзөтүү киргизүүнүн негизги жерлери менен таанышканын айткан.
«Мен болжолдуу билем. Жакшы сунуштар бар, калганын эл өзү тандап алат. Негизги жерлерин окуп чыктым. Конституциянын долбоору дагы талкууланат», — деген ал.
Дагы бир парламентарий Тазабек Икрамов «бул элдин каалоосу болгондуктан» мыйзам долбооруна кол койгондугун билдирген.
«Кол коюудан мурун менде бир аз күмөн бар болчу. Бирок мага, бул элдин каалоосу деп айтышты. [...] Ошондуктан, мен ага кол койдум, анткени көпчүлүк каалайт», — деп билдирген Икрамов.
Баш мыйзамга түзөтүү киргизүүгө каршы
Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 81 депутат демилгеледи — Алардын ичинен көбү «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстан» партияларынын катарында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышышкан.
Депутат Дастан Бекешев болсо мыйзам долбоорун качкын президент Курманбек Бакиевдин юристи жазгандыктан, аны «Бакиевдердин 2010-жылдагы 7-апрель окуясы үчүн өч алуусу» деп атады.
Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуу боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында, кезексиз президенттик шайлоо менен бир убакта өткөрүү пландалууда. Бирок, мурда Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары алгач президенттик шайлоо өтөт, андан кийин референдум, акырында парламенттик шайлоо өткөрөбүз деп айткан.
Экс-депутат Садык Шер-Нияз да өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы пикирин айтты.
«Эгер Конституциянын бул варианты кабыл алына турган болсо, өлкө эч кылчайбай тоталитаризмге карай жол алат. Конституциянын жаңы долбоору — бул эки президенттик мөөнөт, Жогорку Кеңешке үстөмдүк кылат делген“элдик курултай”, бийликти кайталаган атайын түзүлгөн механизмдер, андан тышкары, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын колго алуу аракети. Мунун бардыгы — падышалык жеке башкарууга карай жол», — деп эсептейт саясатчы.
Анын пикиринде, эгерде кыргызстандыктар референдумда ушул жаңы мыйзамдын редакциясын кабыл алса, өлкөнү «автократ» башкарат жана бул Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүдөгү «артка кетүү» болот.
«Мен айран таң калдым, депутаттар кантип ушул долбоорго макул деп кол коюшту? Президент мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин толугу менен өзүнө каратып жатат. Мен айтарга сөз таппай жатам!» — деп ачууланды «Ата Мекен» партиясынын экс-депутаты.
Ошол эле түнү, Конституциянын жаңы долбоору жарыяланганда, түзөтүүлөрдү сындаган пикирлер юристтер, айрым депутаттар жана социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жамгырдай жаай баштаган.
Юрист Сания Токтогазиева жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыкты. Анын айтымында, бул мыйзам Кыргызстанды авторитаризмге алып барат.
Ал эми социалдык тармактарда баш мыйзамдын долбооруна «Ханституция» деген ат коюлду.
«Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт Бекешев.