Роза Отунбаева депутаттар сунуштаган Конституциялык түзөтүүлөрдү сынга алды

Экс-президент Роза Отунбаева 20-ноябрда Жарандык көзөмөл комитетинин чукул жыйынында Конституциянын жаңы долбооруна комментарий берди. Анын айтымында, өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү эл аралык укукка каршы келип, дүйнө коомчулугу тарабынан таанылбайт.

«Садыр Жапаровдун өкмөтү өлкө бюджетинин 20% эл аралык донорлордун гранттарынан тураарын жана учурда биз бул жардамдан куржалак калышыбыз мүмкүн экенин эсинен чыгарбашы керек. Бул сумманын ичинен 30% транспорт жана жолдорго, 25% энергетикага, 20% инфраструктураны өнүктүрүүгө жана 15% гана билим берүү менен саламаттык сактоо кетет. Ушул суук жана коронавирус убагында каражатсыз калганы турабыз», — деди Отунбаева.

Ошондой эле экс-президент эл аралык донорлор бөлгөн каражат өлкөдө качан гана бийлик бутактары ачык бөлүштүрүлгөн соң келип түшүшү керектигин эскертти.

«Биз ушундай жаш жана тайманбаспыз. Конституцияны өзгөртүүгө даярбыз. Ошентсе да, төш кагыштан мурда токтой туруп эки жакты ойлонгула. БУУ Кыргызстанга 25 миллион доллар берүүгө даяр. Бирок качан гана укуктун үстөмдүгү орноп, бийлик бутактары так бөлүнгөндө бул маселе чечилет», — деп белгиледи Отунбаева.

Ошондой эле ал өлкөдө саясий кризис болуп атканда парламенттин аракеттери маанилүү экенин эске салды. Отунбаева бул жагдайда парламент эл үмүтүн актабай, тескерисинче алардын үмүттөрүн өчүрүп жатканын айтты.

«Кечээ депутат Каныбек Иманалиев канча долбоор кийинкиге калтырылганын, ошондой эле өлкө ала турган кредиттерди албай жатканын айтты. Дагы иштей турган парламент убакытын ушинтип текке кетирип, кыргыз элинин алдында бетпактык кылып атканы өкүнүчтүү. Эсибизге келишибиз керек деп ойлойм. Биз баарыбыз негизги мыйзам — коом менен бийликтин ортосундагы келишим деп айтышыбыз керек», — деди Отунбаева.

Мындан тышкары экс-президент өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген мамлекет башчылыгына талапкер Садыр Жапаровго кайрылды.

«Садыр Нургожоевич мырзанын 2010-жылдагы Конституция бир адамдын жана бир ууч топтун пайдасына жазылган деп айтканын анчейин түшүнбөй турам. Биздин амнезиябыз жок, бардыгы жакшы билет, эл аралык баа берилген, өлкөдө биз муну билебиз. Бул таптакыр чындыкка коошпойт», — деп белгиледи Отунбаева.

Жапаров жана Конституцияга түзөтүү

17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган. Аталган долбоордун автору болуп 80 депутат көрсөтүлгөн. Ал боюнча референдумду 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландалууда.

Документ жарыяланган түнү эле юристтер, айрым депутаттар жана соцтармак колдонуучулары сунушталган өзгөртүүлөрдү кескин сынга алышкан.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев Конституциянын жаңы долбоору кабыл алынса өлкө авторитаризм менен «Бакиевдин убагына кайтышы мүмкүн» деп эсептейт.

«Акаев, Бакиев аздык кылыптыр да. Бизде алардан өткөн жаңы хан болот. Садыр Жапаровдун тарапташтарынын бардыгы кийин ага каршы кыңк эте да албай калат. Түрмөгө камаласыңар же УКМКчылардын, ал тургай УКТнын да алдынан өтүп турасыңар», — деп эсептейт депутат Дастан Бекешев.

Социалдык тармактарда баш мыйзымдын бул долбоору «Ханституция» деген атка конгон.

Бирок Конституцияга түзөтүүлөрдү демилгелеген Жапаров өзү айтылып аткан сындарга макул болгон жок.

«Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин түзүлүшү жана мамлекеттик маанидеги башка орчундуу маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн элге кайтарып берүү катары эсептөө керек», — деп жазган ал фейсбук барагында.

*Фейсбук барактагы бул билдирүү Садыр Жапаровдун атынан жазылган. ЖМКлар бул билдирүүгө чиновниктин расмий пикири катары шилтеме берүүдө. Бирок аталган барак Садыр Жапаровго тиешелүү экендиги бүгүнкү күнгө чейин анык эмес. Жапаровдун басма сөз катчысы — Дастан Дүйшөкеев ЖМКга Жапаровдун социалдык тармакта бир гана расмий аккаунту бар экенин айтканы менен ал кайсыл экенин ачыктаган эмес.

Жапаров өлкөнү жана жарандардын эркиндигин өнүктүрүү үчүн Конституцияны милдеттүү түрдө алмаштыруу керек деп эсептейт.

«Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген. Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон. Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган», — деп билдирди ал.

Конституциянын долбоору эмнени сунуштайт?

Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.

Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.

Мындан тышкары, сунушталган түзөтүүлөрдө адам укуктарына коркунуч жарата турган, ЖМКларга кысым кылуу жана цензура киргизүү учурлары бар экени аныкталган.

Мисалы, жаңы Конституциянын 23-беренесинде төмөнкүдөй айтылат:

Кыргыз Республикасында жалпы таанылган ыймандык баалуулуктарга, Кыргызстан элинин каада-салттарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга карама-каршы келген басылмаларга, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүдөгү басылмаларга, оюн-зоокторго жана коомдук иш-чараларга тыюу салынат.

Мазмуну Кыргызстан элинин маданиятына жана элдин ыйманына зыян келтириши мүмкүн болгон маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында таратууга мыйзамга ылайык тыюу салынат же чектелет.

Ошол эле учурда «жалпы таанылган ыймандык баалуулуктар жана каада-салттар» деп так кесе эмне тууралуу айткылары келгени жана аларды ким аныктаарын мыйзам долбоорунун демилгечилери такташкан эмес.

Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?