Парламенттин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов 17-ноябрда депутаттар тарабынан коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча 24.kg агенттигине маек курду.
Ал Конституциянын жаңы долбоору «кейпи суук» болуп калганын белгилеп, бирок бул азырынча долбоор гана экендигин, дагы өзгөртсө боло турганын эскертти. Андыктан Шыкмаматов «жагдайды татаалдаштырбай» турса болот дейт.
«Чимкирик» парламент
«Терс жагынан аты чыккан, 2020-жылдын 28-октябрынан тартып легитимдүүлүгү дагы чоң суроо жараткан Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын автору болуп олтурат. Бул деген нонсенс, акылга сыйбаган нерсе да! Алардын басымдуу көпчүлүгү, шылкы бош чимкириктер алдына келген долбоорду бир ачып окуп койбостон кол коюп беришкен», – деди экс-депутат.
Шыкмаматовго ал буга чейин конституциялык реформаны жактап жүргөнү боюнча суроо узатышты. Ал «чимкирик парламентти» каалабагандыктан чындап эле конституциялык реформаны колдой турганын билдирди.
«Бирок бийлик жоопкерличиктүү жана натыйжалуу болушун каалайм. Жаңы Конституцияны көшөгө артында жазып туруп, жасалма авторлор менен коомчулукка алып чыгуусуна каршымын», — деди ал.
Шыкмаматовдун пикиринде, жаңы долбоорду даярдоо жана талкуулоо ачык-айкын өтүп, ал эми жаңы Конституция — консенсустун документи болушу керек.
Ал долбоорду даярдоо маалындагы талаш-тартыштар — нормалдуу көрүнүш экенин белгиледи. Бирок, эң башкысы аны кабыл алууда ал жазылгандан тартып киргизүүгө чейин бардык юридикалык процедураларды сактоо керектигин билдирди. Конституциянын легитимдүүлүгү Кыргызстандын ичинде да, эл аралык коомчулукта да күмөн жаратпашы керек.
Мурдагы депутаттын айтымында, «эгерде жаңы бийликтин легитимдүүлүгү шек жаратып, кайрадан саясий кризиске кабылбайлы десек» азыр депутаттар долбоорду кайра чакыртып алышы керек. Анын пикиринде, конституциялык реформага президенттик шайлоону өткөрүп алган соң кайтып келсе болот.
«Жогорку Кеңеш буга чейин Конституциялык палатада кворум камсыздоого, бардык процедураларды сактоого, конституциялык кеңешме түзүүгө жана башкаларды кылууга милдеттүү. Мындай маселеде шашылбаш керек», — деди ал.
Юристтердин «барымта адамы»
Шыкмаматовдон конституциялык реформага байланыштуу кырдаалга Садыр Жапаровдун тиешеси тууралуу да суроо берилген.
«Ишенесиңерби, жокпу өзүңөр билгиле, бирок бул кырдаалда Садыр Жапаров юристтердин тузагына түшүп калды, юристтер аны баары жайында деп ишендиришкен. Ал өзү деле Конституциянын бул долбооруна кубанып отурган жок деп ойлойм», — деп жооп берди ал.
Анын айтымында, Венеция комиссиянын корутундусунан кийин, учурдагы алтынчы чакырылыштын депутаттары эл аралык коомчулуктун алдында легитимсиз экени жана Конституцияны өзгөртүүгө акысы жоктугу даана билинди.
Парламентаризмдин күнгөй-тескейи
Ал Конституциянын жаңы долбоорунун мазмуна токтолуп, диктатура жана бийликти узурпациялоонун алдын-алуу үчүн ачык даана тең салмактуулук жана текшерүү системасы болушу керек деген оюн айткан.
«Идеалдуу башкаруу формалары жок — ар биринин артыкчылыктары жана кемчиликтери болот. Биз президенттик башкаруу формасында жашадык — өлкөдө коррупция, криминалдын ээнбаштыгы бар болчу, жаштар үчүн социалдык “лифттер” жок эле жана мамлекеттик башкаруунун сапаты жараксыз болчу. Бирок, 2010-жылы парламентаризмге өтүп бул кемчиликтерден арылдыкпы? Жок. Тескерисинче, күчөп кетти», — деди Шыкмаматов.
Экс-депутаттын пикиринде, депутаттык кол тийбестик институтун «популисттик кылып» оңдоп башташканда, эл өкүлдөрүн түрмөгө отургузуп, аларга каршы кылмыш иштерин козгоп «кайырмакка илип» башташкан.
«Депутаттарга толук кол тийбестик бериш керек. Биз ошондо гана өз алдынча болгон жана президентке көз карандысыз парламентке ээ болобуз. Депутаттар көз карашы үчүн кармалам, кылмыш иши козголот деп коркпошу керек. Күчтүү парламент — натыйжалуу президенттик республиканын милдеттүү шарты», — деди ал.
Мурдагы парламентарийдин пикиринде, президенттик башкарууда аткаруу бийлигинин парламенттин алдында жоопкерчилиги жок, бирок депутаттардын андан башка деле таасир этүүчү мехнаизмдери бар. Мисалы, парламенттин президентке импичмент жарыялоо укугу болушу керек. Ал эми президентте депутаттык корпусту таркатуу укугу болбошу керек.
«Бул долбоордун авторлору Садыр Жапаровго жардам берем деп атып, чындыгында ага жамандык кылып алышты. Президент үчүн беш жылдан эки мөөнөт жазып эмне кереги бар эле? Биз Конституцияда алты жылдык бир мөөнөттү бекитип, мындан атайын алыстаган болчубуз», — деди Шыкмаматов.
Ал 2010-жылдагы конституцияда камтылган курултай өтө деле жаман идея эместигин айтып, бирок анын ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам кабыл алынбай калганын билдирди.
Анын пикиринде, курултай саясатты аныктап, кадрдык маселелерди чечпестен, борбордук бийликтин аймактар менен байланышын бекемдөөгө тийиш.
«Жылына бир жолу делегаттар келип, бийликке жергиликтүү элдин көйгөлөрүн айтып берет. Болду. Чекит. Албетте, андай «майрамдык иш-чара» мамлекеттин эсебинен өткөрүлбөшү керек», – дейт ал.
«Конституция бириктириши керек»
Шыкмаматов Конституциянын жаңы долбоорундагы эң көп талаш жараткан 23-берене боюнча да пикирин билдирди. ЖМКлар, эксперттер жана медиа коомчулук ал беренени сөз эркиндигине кол салуу аракети катары сыпатташты.
Ал цензура киргизүү сунушталып жатканына макул болуп, ал маалыматты манипуляциялоо жөнүндө чуулгандуу мыйзам долбооруна окшоп жатканын белгиледи.
Анын ою боюнча, бийлик түбөлүк баалуулуктар тууралуу талаш-тартыштын жетегинде кетпеши керек. Тескерисинче, бул түбөлүк талаш-тартышта тең салмактуулукту сактап калууга милдеттүү.
«Конституцияда эч кандай, керек болсо адамдын укугу менен эркиндигин чектөө же кол салууну элестеткен дагы аша чабуу болбошу керек. Кандай гана Конституция болбосун анын өзөгүн адам укугу жана эркиндиги, жеке менчиктин кол тийбестиги, сөз эркиндиги жана ой жүгүртүү эркиндиги түзүүгө тийиш», – деди ал.
Анын айтымында, өлкөнүн жарандык коом менен ЖМКлары күчтүү, ал эми жарандар бийликти оңой эле үч жолу алмаштырышкан.
«Бул Кыргызстанды башкаргысы келгендер үчүн маанилүү сабак. Садыр Жапаров президенттик шайлоого чейин эле рейтингин түшүрүп алууну каалабаса керек. Жаңы Конституция элди бөлүп-жарбай, бириктириши керек», — деди Шыкмаматов.
Конституциянын жаңы долбоору
17-ноябрда Жогорку Кеңештин сайтында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жарыяланган. Аталган долбоордун автору болуп 80 депутат көрсөтүлгөн.
Документ жарыяланган түнү эле юристтер жана жарандык коом депутаттар сунуштаган өзгөртүүлөрдү кескин сынга алышты.
Юристтер бул Конституцияга түзөтүү киргизүү эмес аны алмаштыруу деп билдиришти. Мындан тышкары, парламенттин алтынчы чакырылышы мындай олуттуу мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ эмес.
Долбоордун өзүндө так эмес аныктамалар колдонулган — мисалы, «адеп-ахлак» деген сыяктуу сөздөр. Мындан улам өлкө башчысынын мүмкүнчүлүктөрү ансайын кеңейген. Мисалы, президент чакыра турган «элдик курултай» киргизүү сунушталган. Курултайдын чечимдери «сунуш» түрүндө гана болот — ал өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштай албайт.
Президенттин колунда курултай гана болбойт, ал министрлер кабинетинин отурумун алып барып, министрлерди жана көптөгөн мамкомитеттердин жетекчилерин дайындай алат. Мамлекет башчысы эки мөөнөт башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлорун демилгелей алат.
Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу референдумду 2021-жылдын 10-январында, президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландалууда.
Садыр Жапаров Конституцияга түзөтүүлөрдү колдойт. Ал бул тууралуу айткандан бери жаңы Конституциянын долбоорун сүрөө боюнча кампания башталган.
ТЕМА БОЮНЧА: Президенттик бийлик, цензура. Эгер жаңы Конституция кабыл алынса өлкөдө эмне өзгөрүшү мүмкүн?