«Реформа»: 11 адам партиядан чыкты, алар өзүнчө кыймыл түптөмөй болушту

«Реформа» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Урмат Жаныбаев 11 адам саясий бирикменин курамынан чыкканын билдирди. Жаныбаев мындай чечимдин башкы себеби катары партиянын төрайымы Клара Сооронкулова жана анын максатташтары менен пикирлери дал келбей калганын айткан.

Анын айтымында, партиянын мындан аркы өнүгүшү жана партия алгач түптөлгөндө максат кылган базалык принциптер менен баалуулуктарды кабыл алууда алардын көз караштары ажырымга туш болгон.

«Бизге бул чечимди кабыл алуу оңой болгон жок. Анткени, бир жагынан шайлоодо “Реформаны” колдогон шайлоочуларыбыздын алдындагы чоң жоопкерчилигибизди сезип турабыз», — деп жазат Жаңыбаев.

Ошондой эле, ал «ак ниет жана аркасы таза» адамдардан куралган жаңы саясий күч катары «Реформа» партиясы элге тартуулаган «үлбүрөгөн үмүттү сактап калуу» чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Жаныбаевдин айтымында, алар партиядан кетүүнү каалаган эмес, ошол себептен бул чечим көптө бышып жетилген.

«Экинчи жагынан, ушул эле себептен, биздин катарыбызда элдин ишенимин жоготкон эски саясатчылар болбойт, биз аларды колдобойбуз деген баштапкы принциптерибиз бир канча жолу бузулганын унчукпай карап отура албайбыз», — дейт саясий кеңештин мурдагы мүчөсү.

Жаныбаев кыргыз саясий чөйрөдө «жойпулануу, айткан сөзүн танып кетүү, эч кандай ишеним же принциптерди карманбоо» нормалдуу көрүнүш экенин айтып, алар мындай көрүнүшкө «моюн сунбай» турганын белгилеген.

«Ошондуктан биз бул калыптанган стереотипти бузуп, Кыргызстанда партиянын идеологиясына баш ийген, жол башчылыкты кабыл албаган, коомчулуктун алдында ачык-айрымдуулукту сактаган коомдук-саясий күч жаратууга бел байладык», — деп билдирди Жаныбаев.

Билдирүүнүн алдында «Реформанын» катарынан чыккан адамдар тизмектелген:

  • Урмат Жаныбаев, сасий кеңештин мүчөсү, партия төрайымынын орун басары;
  • Азият Жекшеев, саясий кеңештин мүчөсү, партия төрайымынын орун басары;
  • Мирбек Маматкасым, саясий кеңештин мүчөсү;
  • Али Шабдан, саясий кеңештин мүчөсү;
  • Назгүл Шекекова, саясий кеңештин мүчөсү;
  • Таалайбек Кенжегалиев, партия мүчөсү;
  • Урмат Казакбаев, партия мүчөсү;
  • Кубанычбек Ибраев, партия мүчөсү;
  • Таалай Мукамбетов, партия мүчөсү;
  • Сагындык Абадбек уулу, партия мүчөсү;
  • Эльдар Сапаев, партия мүчөсү.

«Реформа»

«Реформа» партиясы Кыргызстанда 2012-жылдан бери бар. Бирок мурда анчалык деле белгилүү эмес болчу. Патиянын азыркы курамы коррупцияга каршы бир нече митингдерден кийин жана 2019-2020-жылдары Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргоого багытталган #REакция акциясынан соң куралган.

Партиянын аты быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, краудфандинг — шайлоочулардын кайрымдуулугу — аркылуу күрөөгө коюлчу 5 миллион сомду топтогондон кийин ого бетер белгилүү боло баштаган.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча «Реформа» партиясы кол менен саноодо 0,98%, автоматтык саноодо — 1, 67% добушка ээ болгон.

Партиянын курамынан чыккан Мирбек Маматкасым уулу жана Урмат Жаныбаев «Реформанын» талапкерлеринин тизмесинде төрайымы Клара Сооронкуловадан кийин эле бара жаткан. Маматкасым уулу — автотетик сатуу менен алектенген «Экстрим» ЖЧКнын негиздөөчүсү, ал эми Жаныбаев — жарандык активист жана #REакция митингинин модератору.

Назгүл Шекекова – бизнес-консультант, ржарнама, эмерек жасоо жана бизнес-окутуу тармагында үч компания негиздеген. Анын ичинде Кыргызстандагы алгачкы эмерек жөнүндөгү «Мебель в Бишкеке» журналы дагы бар. Шекекова Германиядагы Мангейм бизнес мектебинен МВА даражасына ээ болгон. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен айыл чарбасы үчүн бир катар долбоорлорду даярдаган.

Азият Жекшеев — журналист жана теле алып баруучу, «НТС» каналындагы атайын долбоорлордун автору, «ТВ-Кайгуул» жана «Журналисттик иликтөө» берүүлөрүнүн автору жана алып баруучусу.