«Нарын дарыясынан крокодил табылды». Жапаров Иманалиевдин кылмыш иши бар экенин айтты

Садыр Жапаров / Каныбек Иманалиев

Садыр Жапаров «7-каналга» берген маегинде «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин кылмыш иши бар экенин айтып чыкты. Буга чейин Иманалиев кезексиз президенттик шайлоого катыша турганын билдирген.

«Каныбек Иманалиев айтып жүрчү эле го: “мага кылмыш ишин таппайсыңар, мага кылмыш ишин табуу Нарын же Аламүдүн дарыясынан крокодилди тапкандай” деп. Мына бар экен кылмыш иши! “Эмне үчүн муну карабай жатасыңар” десем депутаттыгынан эле коркушат экен», — деди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, Иманалиевдин «типографияга байланышкан жана андан башка коррупциялык иштери бар». Бирок ал кандай жана качан болгон кылмыш иш экенин Жапаров так айткан жок.

Ал эми Иманалиев «24.kg» басылмасына Жапаровдун айткандарын төгүндөдү. Иманалиевдин айтымында, Жапаров ушактар жана фейк маалыматтарды колдонуп жүрөт.

«Эгерде мен коррупциялык иштин фигуранты болгонумда мени мурда эле камап коюшмак. Бул үчүн депутаттык кол тийбестикти алуунун кереги жок», — деди Иманалиев.

Депутат Каныбек Иманалиев өткөн жылдын июнь айында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан комиссияны жетектеген. Ошол маалда депутат Ирина Карамушкина буга чейин Иманалиевге кылмыш иши козголгонун айткан.

«Менин оппонентерим кандайдыр бир фактылар менен мени каралоого аракет жасап жатышат. 2016-жылы Атамбаев президент болуп туруп менин атымды каралап баштаганда, мен мындай жооп берген: “Мага кылмыш ишин табуу бул Нарын дарыясынан крокодилди тапкандай”», — деп жооп берген Иманалиев.

Каныбек Иманалиев Жапаров сунуштаган конституциялык реформаны сындап келет. Анын айтымында, эгерде өлкөдө президенттик башкаруу орнотулса «Кыргызстан Түркмөнстанга эмес, Ооганстанга айланат».

«Бирок Жапаров билип койсун, кыргыз эли буга эч качан жол бербейт. Биз демократияны коргош үчүн тоо болуп туруп беребиз», — деди Иманалиев.