«Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери жетекчисин иштен алууну талап кылышты

Бишкектеги «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын имаратынын алдында 26-ноябрда митинг болуп өттү. Мекеменин 10 чакты кызматкери «Дашков, миллиондорду казына кайтар», «КТЖ Дашковдун жеке менчиги эмес!» жана «Кыргыз темир жолу уурулардан тазалана турган мезгил келди» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Алар «Кыргыз темир жолунун» башкы директору Василий Дашковдун отставкасын талап кылышты. Алардын айтымында, Дашков акча адалдаштырууга жана ишканадагы коррупцияга аралашкан болушу мүмкүн.

Митингдин катышуучуларынын бири ишканада коррупция дайыма болуп келгенин, каржы махинацияларына бардык жетекчилер аралашканын билдирди.

«Ошентип кызматка Дашков отурду, бирок ал дагы эч нерсе кылган жок — эски шпалалар ошол бойдон калды, тепловоздордун кам тетиктери сатылып алынбай жатат. Мунун ордуна ал имаратты оңдоо менен алек. Ал акча адалдаштырып жатат», — деди ал.

Митингге чыккандар Дашков жана анын коргоочулары КТЖ ишканасынын алдындагы, мурда Дашков жетекчилик кылган «Мостоотряд» фирмасы аркылуу акчалардын изин жашырган деп айыптоодо. Алардын айтымында, «Мостоотряд» фирмасын жабуу талаптарына карабай, ал ушул күнгө чейин иштеп келет.

Жумушчулардын айтымында, аларда президентикке талапкер Садыр Жапаровго гана көрсөтө турган далилдери бар.

*Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда президенттин м.а жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Бирок, анын басма сөз кызматы Жапаров өкмөт башчылык кызматын убактылуу гана токтоткон жана ал дагы деле премьер-министр бойдон калууда деп билдирген.

Мындан тышкары, митингчилер Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев «Кыргыз темир жолундагы» ыктымылдуу мыйзам бузууларга көңүл буруусун талап кылышты.

Мекеменин башкы директору учурда ден соолугуна байланыштуу өргүүдө. Митингчилердин айтымында, Дашков жумушка чыкпаса алар ачкачылык жарыялайт.

Василий Дашков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын директору болуп үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде дайындалган.

Массалык жумуштан алуу

Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жетекчиликти кызматтан кетирүү талабын же ведомстводогу коррупция тууралуу жалпы эл алдына айтып чыккан учурлар буга чейин да болгон.

2020-жылдын февраль айында мамлекеттик мекеменин күзөт кызматкерлери жетекчиси Нурлан Тамаевдин отставкасын талап кылышкан. Алар массалык кызматтан бошотууларга, жетекчинин кесипкөй эместигине даттанып, жумуш орундары сатылып жатышы мүмкүн экендигин билдиришкен.

Тасмаев өзү айыптоолорду четке кагып, кызматкерлери айткан сындарды жумуштан бошотулгандардын ызасына шылтаган.

Мамлекеттик ишканадагы «алдамчылык»

«Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду УКМК 15-июнда кармаган. Ал «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелген.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки өлчөмдөгү акчасын алып турган.

Ошондо комитеттен ишкананын мурдагы башчысы товардык-материалдык баалулуктарды сатып алууга каралган ар жылдык бюджетти негизсиз 1,5 млрд сомго чейин жогорулатканын белгилешкен.

«2018-жылдын ноябрынан 2020-жылдын апрелине чейин мамишкананын көмүскө кассасында 8-9 млн сом аккумуляцияланган, алардын ичинен 50%ын башкы директор алып турган. Калган бөлүгү жогорку жана орто звенодогу жетекчилердин ортосунда бөлүштүрүлгөн», — деп билдиришкен ведомстводон.

Анда келтирилген чыгымдын сумасы 22 миллиондон ашат деп бааланган. «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жана азыркы жетекчилигенен төрт адам жана камсыздоочу компаниянын бир өкүлү кармалган.