Президенттин басма сөз катчысы: Жапаров резиденцияда жашоого укуктуу

Садыр Жапаров 20-ноябрь күнү фейсбук барагына «Ала-Арча» мамрезиденциясындагы президенттин иш бөлмөсүндө штандарттын (мамлекеттик байрактын) жанында түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Мамлекетибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдырын чечүүчү учур келип жетти. “Биз...

Опубликовано Садыром Жапаровым Четверг, 19 ноября 2020 г.

*Бул сүрөт социалдык тармакка Садыр Жапаровдун атындагы аккаунтка жайгаштырылган. ЖМКлар бул чиновниктин расмий баракчасы деп шилтеме беришүүдө. Бирок аталган барак Садыр Жапаровго тиешелүү экендиги бүгүнкү күнгө чейин фейсбуктун тастыктамасынан өтө элек. Жапаровдун басма сөз катчысы Дастан Дүйшөкеев ЖМКга Жапаровдун социалдык тармакта бир гана расмий аккаунту бар экенин билдирген, бирок ал кайсыл экенин ачыктаган эмес.

Жарыяланган сүрөт соцтармак колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Алар Жапаров президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарымдарын тапшыргандан кийин штандартка ээ боло албайт жана мамлекеттик резиденцияда жашай албайт деп жазышкан.

Садыр Жапаров аттуу катардагы жаран Кыргыз Республикасынын Президентинин желегин өзү менен кошо көтөрүп жүргөн жокпу?...

Опубликовано Маратом Тагаевым Четверг, 19 ноября 2020 г.

«Садыр Жапаров аттуу катардагы жаран Кыргыз Республикасынын Президентинин желегин өзү менен кошо көтөрүп жүргөн жокпу? Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго өткөрүп бериши керек эле. Мамытовдун кабинетинде жок», — деп жазган интернет колдонуучусу Марат Тагаев.

Президенттин маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Нургазы Анаркулов 24.kg агенттигине курган маегинде, Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда жашоого укуктуу экенин билдирди.

Анын айтымында, Жапаров өкмөт башчылык кызматын убактылуу гана токтоткон жана ал дагы деле премьер-министр бойдон калууда.

«Ошондуктан анын мамлекеттик резиденцияда жашоого толук укугу бар. Бирок ал ал жакта убактылуу гана жашоого укугу бар экенин белгилейм. Азыр-түлүк, байланыш жана бардык керектүүнү ал өзүнө өзү камсыздап жатат», — деди Анаркулов.

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда президенттин м.а жана премьер-министрлик ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин койгондон бери президенттин милдетин анын үзөңгүлөшү, парламенттин спикери Талант Мамытов аткарып жатат, ал эми премьер-министрдин милдетин вице-премьер-министр Артём Новиков аткарууда.