Легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду. Аргентина үч күн аза күтөт

Диего Марадона 1986-жылы өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта

Атактуу аргентиналык футболчу Диего Марадона 25-ноябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында жүрөгү токтоп, каза болду. Марадона 60 жашта болчу.

Марадона 2-ноябрь күнү «анемия» жана «кан коюлуу» белгилери менен ооруканага түшүп, анын мээсинде «субдуралдык гематома» аныкталган. Ал эми 4-ноябрда Марадонанын баш мээсине оперция жасалып, ал бир аптадан кийин ооруканадан чыгарылган.

Диего Армандо Марадона 1977-жылдан 1994-жылга чейин Аргентина курама командасында ойноп, 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон. Ал эми 1990-жылы өткөн дүйнөлүк мелдеште Марадона Аргентина курама командасынын капитаны болуп, финалга чейин жеткан — бирок алар Германияга утулган.

Ал футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири болуп эсептелчү. Марадона Аргентина улуттук курамасында 91 оюн өткөрүп, 34 жолу гол киргизген.

Ошондой эле Марадона «Архентинос Хуниорс», «Бока Хуниорс», «Барселона», «Наполи», «Севилья» жана «Ньюэллс Олд Бойз» футболдук клубтарында ойногон. Бирок спортчу чыныгы ийгиликтерге италиялык «Наполи» футбол клубунун курамында жетишкен — ал командасы менен эки жолу Италиянын чемпиону жана УЕФА кубогунун жеңүүчүсу болгон.

Марадона 1997-жылдын 30-октябрында 37 жашка толуп, футбол оюнчу карьерасын аяктаганын жарыялаган. Кийинчерээк ал ар кайсы футолдук клубдарда машыктыруучу болуп, 2008-2010-жылдары Аргентина командасын жетектеп келген.

Диего Марадонанын дүйнөдөн кайтышынан улам Аргентинада үч күн аза күтүү жарыяланды. Ошондой эле Италиянын Наполи шаарында футбол күйөрмандары Марадонаны эскерип, аны менен коштошуу уюштурушту.

«Кудайдын колу» жана «жүз жылдыктын голу»

Марадонанын футболдун тарыхында калган оюндарынын бири 1986-жылы болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатта болгон — анда футболчу Англияга эки гол киргизип, Аргентина курама командасынын чемпионаттын жарым финалына чыгарган.

Марадона голдордун бирин колу менен киргизгенине карабастан, оюнду тейлеген судья аны көрбөй калган. Кийинчерээк футболчу бул «Кудайдын колу» болгонун айткан.

Төрт мүнөттөн кийин Марадона Англия курама командасынын алты оюнчусун алдап, экинчи голду киргизген. Бул гол дүйнөлүк чемпионаттардын эң мыкты голу болуп таанылган, ошондой эле ал «жүз жылдыктын голу» наамына да ээ болгон.