COVID: Медиктердин кенемте боюнча арызы эмки жылы кабыл алынат

Иллюстративдик сүрөт

COVID-19ду жуктуруп алган медиктерге кенемте төлөө үчүн алардан арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча өкүлү Индира Жумабаева маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин келип түшкөн арыздар атайын комиссия тарабынан текшерилип бүткөндөн соң жаңы документтер кабыл алына баштайт. Кабыл алуу жаңы жылдан кийин жанданышы мүмкүн. Ошондой эле, учурда 1-сентябрга чейин келип түшкөн арыздар каралууда.

«Жаңы жыл майрамынан кийин коронавирус жуккандарга гана эмес, пневмонияга кабылган медиктерге да кун төлөп берүү жагы каралышы мүмкүн. Анда кенемте алыш үчүн документтер, талаптар да өзгөрөт», — деп билдирген Жумабаева.

Буга чейин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 27-ноябрдагы брифингде компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 550гө жакын медик документ тапшырганын маалымдаган. Анын айтымында, учурда 479 медикке 200 миң сомдон кун төлөнүп берүү чечими кабыл алынган жана каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнгөн.

Ошондой эле, Сурабалдиева коомчулукта «кун төлөнбөй жатат» деген пикирлердин жаралышынын бир нече себептерин атаган. Ал инфекция булагы аныкталбагандыгы, документтерди толтурууда мүчүлүштүктөрдүн болуусу, амбулатордук картанын көчүрмөсүнүн жоктугу, инкубация мезгилинде даарыгерлердин эмгек өргүүдө болгону тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

27-ноябрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 71 548ге жетти. Анын ичинен 3 865и медицина кызматкерлери. Алар компенсация алуу абдан кыйынчылык туудуруп жатканын айтып келишкен — документ топтоодо кыйынчылыктар жана бюррократия бар. Мындан сырткары, ооруну иш үстүндө жуктуруп алганын далилдөө абдан оор. Эгер медик аны далилдей албаса, ага компенсация чегерилбейт.