COVID-19ду жуктурган төрт киши каза болду

Сүрөт: Элери Битекчи

Республикалык штаб 29-ноябрда коронавирусту жуктуруп алган төрт бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарында, бирден бейтап Баткен жана Ысык-Көл облустарында катталды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондордун саны 1 266га жетти. Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

ССМ 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-ноябрга карата COVID-19дан каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнгөнүн кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 72 427 учуру катталды. Ооругандардын 63 789зу илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.