Коронавирустун жаңы 380 учуру катталып, беш киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 380 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб 30-ноябрда билдирди.

Жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 137. Ошондой эле Чүй облусунда – 79, Жалал-Абад облусу – 48, Ысык-Көл облусунда – 38, Баткен облусу — 27, Талас облусунда — 19, Ош облусунда — 18, Нарын облусунда — 10 жана Ош шаарында төрт кишиден коронавирус аныкталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 72 807 кишиге жетти. Мындан сырткары бир суткада COVID-19дан айыккандар 360 адамды түзүп, оорудан сакайгандардын жалпы саны 64 149га жетти.

Учурда стационарда 2 833 бейтап дарыланып жатат — анын ичинде 113 бейтап өтө оор абалда. Ал эми амбулатордук дарыланууда 3 772 бейтап калууда.

COVDI-19 өлкөдө беш кишинин өмүрүн алды. Каза болгон бейтаптардын экөө Талас облусунда, бирден бейтап Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында катталды. Пандемия башталгандан тарта коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 1 271ди түздү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.